МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ДАЙЫНДОО СЫНАГЫ ЭКИ ЭТАПТА ЖҮРӨТ

  • 13.07.2022
  • 0

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-жыйында билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары КР Президенти С.Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндөгү” №224 Жарлыгынын негизинде, тиешелүү жетекчилердин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибин талкуулашты.

— Билим берүү тармагы – республикабыздагы эң чоң тармак экендиги белгилүү, учурда 2236 мамлекеттик мектеп бар. Мамлекеттик мектептердеги ишмердүүлүктү жандандыруу, кадрдык потенциалды көтөрүү жана келечекте боло турган модернизизациялоого, реформага даярдануу багытында мектеп жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо тууралуу жарлыкты ишке ашыруунун механизмдерин сүйлөшөлү деп чогулуп отурабыз. Эң негизги максат – билим берүүнүн сапатын көтөрүү, кадрдык потенциалды күчтөндүрүү, — деди министр.

Орто мектептердин жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо эки этап менен жүрмөкчү. Биринчи этабы – конкурска катышып жаткан талапкерлердин документтерин кабыл алуу процесси. Ал процесстин критерийлерине жооп бергендер документтерин тапшырат. Талапкер документтерди өзү түздөн-түз сайтка жүктөйт, андыктан бул жерде адам фактору болбойт, б.а. ар бир талапкер өзүнүн укугун билет жана укугун контролдой алат.

Ал эми экинчи этаптын өзгөчөлүгү – жалпы тестирлөөдөн өтүү маселеси. Тестирлөө ачык айкын өтөт, жалпы коомчулукка онлайн чагылдырылып турат. Ар бир облус борборлорунда өтүүчү сынактардын жүрүшүн жалпы коомчулук, журналисттер, активисттер, ата-энелер көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишеним бар.

Белгилей кетсек, атайын жүргүзүлгөн анализдин негизинде, учурда беш жылдан көп иштеген мектеп директорлорунун жалпы саны 966 экени аныкталды. Ал эми калган мектептерде сынак качан мектептин директорунун иштөө мөөнөтү беш жылга толгондо, автоматтык түрдө жылда өтүп турган жалпы тестке катыша алышат.

Жолугушууда министр мындан ары мектеп директорунун орду ар беш жылда бир өтүүчү конкурста дайындала турган механизм аркылуу бекитилерин, конкурска жакшы иштеп жаткан директорлор да катыша аларын баса белгиледи.

— Тест компьютердик негизде жүрөт. Мындан ары билим берүү тармагы IT тармагына тыгыз байланышат. Пандемия учурунда канчалык деңгээлде IТ тармагын өздөштүрүү керектиги айкын далилденди. Анткени мектеп директору өзү окуучуларды ЖРТга, сынактарга, олимпиадаларга дайындап жатса, алардын баары компьютер аркылуу өтүп жатса, ал эми өзүнүн ал тууралуу түшүнүгү жок болсо, ал кадрды алмаштыруунун мезгили келип жеткенин көрсөтөт, — деди А.Бейшеналиев.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер