МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ  ҮЧҮН   ТРЕНИНГ  ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  • 28.09.2022
  • 0

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ  ҮЧҮН   ТРЕНИНГ  ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Конкурстан жеңип чыккан директорлор учурда активдүү ишке киришти. Ишти жөндөп кетүү үчүн иргелген директорлорду окуудан өткөрүү үчүн атайын тренингдер уюштурулууда. Себеби, жер-жердеги сурамжылоолор жаңы мектеп директорлору окутууларга абдан муктаж экендигин көрсөттү.  Бул туурасында бизге Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ  ҮЧҮН   ТРЕНИНГ  ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

-Мектеп директорлору үчүн конкурстар өткөрүлгөндөн кийинки алгачкы тренинг Ош облусунун Кара-Суу районунун директорлору үчүн райондун “Чолпон” атындагы орто мектебинде 27-сентябрында башталды. Окууга райондогу 57 мектеп директору тартылды. Тренингге конкурстан өткөн жаңы директорлор да, мурдатан иштеп келе жаткан директорлор да катышууда. Анткени тажрыйбалуу директорлор менен курч, көйгөйлүү маселелерди бирге талкуулоо, тажрыйба алмашуу, кызматташуу, насаатчылык, устат-шакирт маселелерин чечүү учурда маанилүү болууда жана алар жаңы директорлордун билимдерин, билгичтиктерин ишке ашырууга өз салымын кошмокчу. Тренингде билим берүүдөгү өзгөрүүлөр, мектептин ченемдик укуктук документтери, окуу планды жана окуу программаларды түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана күнүмдүк ишмердик, мектеп ишин башкаруу жана пландаштыруу, коомчулук менен иштөө жана мектептин иш кагаздары, тарбия концепциялары сыяктуу маселелер каралып, кеңири талкууга алынууда, -дейт А.Токтомаметов.

Директордун айтымында тренингдин алгачкы күндөрү кадимки офлайн режимде өтүп жаткан болсо, кийинки бөлүгү онлайн түрдө улантылат. Ушундай тренинг 29-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы башка мектептердин директорлору үчүн К.Жакыпов атындагы мектепте башталат. Тренингди Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери өтүүдө. Мындай тренингдер алдыда көпчүлүк райондордо өткөрүлмөкчү.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер