МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ОРДУ

  • 02.03.2024
  • 0

2024-жылдын 1-мартында Талас шаарында мектеп жетекчилери, мугалимдер жана бүтүрүүчү окуучулар үчүн «Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, мектеп билим берүүсүнүн келечектеги орду»  деген темада кесипке багыт берүү жана маалыматтык технологиялардын өнүгүшү боюнча семинар болуп өттү.

МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ОРДУ

Эржан Асырановдун берген маалыматы боюнча, атайын Америкадан келген маалымат технологияларынын кесипкөй адистери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, эң жакшы тренинг өтүштү.

МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ОРДУ

— Бардык мугалимдер жана окуучулар үчүн эффективдүү жолугушуу болду. Кыргыз жигиттери өз билимдери менен дүйнөлүк маалымат технологияларын башкарып жатканына ичибиз жылып, суктанып, билим алууга болгон кызыгуубуз артып үйгө кайттык. Кайсы чөйрөнү тандап, эмнеге умтулсаң ошого жараша жашап өтөсүң деген туура. Айтор, көп нерсеге таасирленип, келечекке үмүт артып, уюштуруучуларга ыраазы болуп тарадык. Ар ким деңгээлине жараша иш кылат жана умтулат, — дейт Э.Асыранов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер