МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

  • 03.07.2023
  • 0

Дордой конушунда жайгашкан №94 жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги «Алтын балалык» эс алуу лагери бир айлык программасын жыйынтыктады.

МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЬ

Жайкы лагерде балдар «Менин сүйүктүү Кыргызстаным»,  «Бактылуу балалык» аттуу сүрөт конкурстарына активдүү катышып, «Чебер колдор», «Мен сүйгөн жомоктор»,
«Сармерден»ж.б конкурстарда каармандардын ролун аткарышып, ырдап бийлешти.
Свердлов району боюнча мектеп алдындагы  лагерлер арасында футбол беттешинде,  эстафеталык оюндар боюнча мелдеште «Алтын балалыктын» балдары 1-2- орундарды ээлеп,  медаль, дипломдорго татыктуу болушту.
Эс алуу лагериндеги ар бир күн кызыктуу өттү. Лагерь менен коштошууда да балдар ырдап,  бийлешти. Өзгөчөлөнгөн балдар-кыздарга дипломдор тапшырылды.

Бүайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер