«МЕКЕНИҢДИ  ТААНЫ, СҮЙ ЖАНА САКТА!»

  • 08.05.2020
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду карантин маалында окуучуларды «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» китеби аркылуу өлкөнүн жети облусуна саякаттатып,  бул аймактар үчүн  “визиттик карточка” болгон   кызыктуу, кооз жерлер менен тааныштырууда.  

«МЕКЕНИҢДИ  ТААНЫ, СҮЙ ЖАНА САКТА!»

Ар бири 8-10 мүнөттөн турган,  өлкөнүн кооз картасы  түшүрүлгөн  тогуз ролик жасалды. Бул китеп балдар үчүн Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгүнүн кооз дүйнөсүнө  карай жетелеген  алгачкы  жол баштагыч болуп эсептелет. Учурда орус тилиндеги роликтер даярдалууда. Жакынкы аралыкта балдарга сунушталат.

Жеринен барып тартууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан кээ бир кадрлар  тигил же бул аймакка байланбагандыгын жана  иллюстративдик  мүнөзгө ээ экендигин түзүүчүлөр билдиришти.

Саякатка чыгуу үчүн төмөндөгү шилтемелер менен кириңиз:

Ютуб канал: Инициатива Розы Отубаевой

Кыргызстаныбызды кыдырабыз: Саякатка даярданууhttps://www.youtube.com/watch?v=Vg61-Jb15kA&list=PLtj-I743wV92vRZx1EHCpnP7obWTM7UW0&index=5

Инстарамм баракча: @bilimfestkg   (https://www.instagram.com/tv/B_tThSypL8V/?utm_source=ig_web_copy_link)

Бөлүшүү

Комментарийлер