МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР
- 02.06.2023
- 0
(Башталышы өткөн санда)
Ар бир жаран Кыргызстандын патриоту болууга тийиш
Бектемир Мурзубраимов белгилүү окумуштуу-педагог, академик, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары ар бир жазган макаласында, сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын ар бир жараны улутуна, жынысына, жаш курагына карабастан өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болууга тийиш деген ойду айтат. Академиктин “Мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу боюнча сунуштар” (Кайрылуу), “Өлкөбүз үчүн бардыгыбыз бирдей жоопкерчиликтебиз”, (“Кыргыз Туусу”, №31, 27-апрель, 2012-жыл), “Биздин милдет – Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын ынтымагын бекемдөө” (“Эркин Тоо”, 21-январь, 2014-ж.) темасындагы көйгөйлүү маселелерди камтыган макалаларында ата-бабаларыбыздын “Ырыс алды – ынтымак” накыл кеби жөн жерден айтылбаганын кынтыксыз фактылар аркылуу көрсөтөт. Чындыгында эле, миңден ашуун эли бар 80 улут мекендеген Кыргызстан үчүн элдердин достугу, өз ара түшүнүүсү, ич ара ынтымагы зор мааниге ээ. Кыргызстан элинин ассамблеясын беш жыл ийгиликтүү жетектеген Бектемир
Мурзубраимов “Эркин Тоо” гезитине берген маегинде “Кыргыз эли Кыргызстандын экономикасынын, маданиятынын, илим-билиминин өнүгүшүнө кандай салым кошсо, биздин өлкөдө жашап жаткан башка улуттар да ошондой салым кошуп келишет”, — деп айтат. Анын “Бүткүл кыргызстандык патриотизм, мекенге болгон сүйүү сезими жана аны менен сыймыктануу – бул жалпы доминантыбыз” – деген ойлору бүгүн да актуалдуу болуп эсептелет.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, улуттук кайра жаралуунун зор толкунунда, атап айтканда, 1989-жылдын 23-сентябрында, ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил” жөнүндө Мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамда мамлекеттик тилди үйрөнүү, аны коомдук-саясий турмушта колдонуу, 2000-жылга чейин расмий иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү, Кыргызстанда жашаган калктар үчүн улуттар аралык тилге айлантуу, мектептерге жана жогорку окуу жайларына кыргыз тилин окутууну милдеттүү киргизүү жана башка чаралар каралган болчу.
Элибиздин эгемендүүлүгүн түптөгөн, бир жагынан бекемдеген ушул тарыхый мыйзам бир катар обьективдүү жана субъективдүү себептерден улам бүгүнкү күнгө дейре аткарылбай келет. Өз мекенинин патриот уулу катары бул көйгөй Бектемир Мурзубраимовду да ойго салбай койбоду. “Мыйзамда мамлекеттик тил өлкөбүздө улут аралык тил катары колдонула тургандыгы бадырайта жазылган. Кыргызстанда түпкү улут 72 пайызды, тектеш тилдүү элдер 17 пайызды түзөрүн эске алсак, басымдуу көпчүлүк кыргыз тилин билишет, түшүнүшөт. Ошондуктан кыргыз тилинин улуттар аралык катнашуу милдетин аткарууга жараарын ачык эле айтышыбыз керек”, — дейт улуттар аралык ынтымакка данакер инсан Б. Мурзубраимов. (“Дил бурулса,тил бурулат”, “Кыргыз Туусу”, №72, 23-сентябрь, 2014-жыл). Академиктин андан кийинки ойлору да колго аларлык. “Бул иште, айрыкча, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери үлгү көрсөтүүсү зарыл. Мыйзамда жазылгандай, мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, жалпы эле мамлекеттик кызматкерлер биринчи кезекте мамлекеттик тилде сүйлөй билүүгө, жаза билүүгө тийиш деген талапты катуу коюуга, бул жагдайды кызматка жайгаштыруу жана тандоо учурунда эске алууга мезгил жетти деп ойлоймун. Ушундай шартта гана эне тилдин баркы көтөрүлөт, коомдук милдети артат, колдонуу чөйрөсү кеңейет” — деп жазат ал ушул эле макалада.
Бектемир Мурзубраимов – баарынан мурун мекенчил инсан. Ал эч кимден коркпой-үркпөй эле эне тилдин мамлекеттик тил катары өсүп-өнүгүүсүндө титулдук эл болуп эсептелген кыргыздардын жоопкерчилигин баса белгилейт. Мисалы, “Мамлекеттик тил — өлкөбүздүн атрибуттарынын бири” (“Эркин Тоо”, №18, 2-март, 2004-жыл), “Мамлекеттик тил өзүнүн татыктуу ордун ээлейби?” (“Кыргыз Туусу”, 13-16-январь, 2006-жыл), “Тил күйгөндө не болот?”, “Кутбилим”, 22-июнь, 2007-жыл) макалаларында кыргыз тилин тоолуу өлкөбүздүн эркиндигинин, эгемендүүлүгүнүн эң маанилүү атрибуту деп эсептейт. Анын көз карашында кыргыз тили ар бир кыргыз үчүн чек аранын бекемдигиндей, бүтүндүгүндөй, кол тийбестигиндей эле олуттуу маселе. Анткени өз жериң болбосо, өзүнчө түтүн булата албагандай, өз тилиң болбосо да, өзүнчө эркин эл, эгемен улут боло албайсың. “Өзүн-өзү сыйлаган мамлекет өзүнүн улуттук тилине терең маани берүүгө, анын толук кандуу өсүп-өнүгүшү үчүн бардык камкордуктарды, чараларды көрүүгө милдеттүү. Ошондуктан жаңы бийлик, мамлекеттик бардык органдар кыргыз тилинин тагдыры үчүн өздөрүнүн тарых алдындагы, урпактар алдындагы жоопкерчилигин сезүүлөрү, билүүлөрү керек. Кыргыз тилине бизден башка эч ким күйбөйт жана бул тилде башка эч ким сүйлөбөйт”, — дейт ал.
Сөз эмес бекен!
Бирок кыргыз болуп туруп, тээ 80-жылдардын аягындагы социологиялык сурамжылоодо 20 пайыз улутташтарыбыз орус тилин өз эне тили катары көрсөткөнүнө жол болсун! Бектемир Мурзубраимов өзүнүн “Кыргыз Туусу” гезитинде жарык көргөн “Бутага тийчү телеберүүлөр көп болсо” (“Кыргыз Туусу”, №145/ №146, 17-20-сентябрь, 1997-ж.) деген макаласында уккан адамдын жүрөгүн өйүгөн жогорудагы фактыны келтирет. Кыргыздын намысын козгогон бул макалада “Адамдагы талант өзгөчө көрүнүш, анын берген кызматы, баасы чен жеткис орошон байлык. Салмагы дүйнөлүк көркөм ойдун чулу уюткусуна барабар болуп турган “Манас” эпосу гений алптардын оргуган ой дүйнөсүнөн оожалып, дарыя сыңары улам күркүрөп күчүнө кире көбөйүп олтуруп, адамзат жараткан көркөм адабий деңизге кошулуп жатышы да таланттын күчүнөн” деп, автор алгач талант деген сырдуу сөздүн төркү маанисине кайрылат. Анан “Таланттарга тийбегиле! Алар өз мейкининде эркин учушсун! Таза абадан дем алып, уча беришсин, коё бергиле аларды!” дейт. Азыркы жаштар көрбөй, билбей калган кыргыздын Алымкул, Осмонкул, Коргол сыяктуу залкарлары тууралуу бүтпөс сөздү чоң таланттар улуттук телекөрсөтүүдөн маал маалы менен кеп козгоп турса деген изги тилегин билдирет.
Наркы жок улут болбойт. Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Жарлыгынан кийин биздин коомдо улуттук наркка болгон кызыгуу күчөдү. Мамлекет өзүнүн бул багыттагы арымдуу аракеттери аркылуу улуттук идеология, улуттук дөөлөттөр жаатында ишенимдүү багыт алганын аныктады.
Бектемир Мурзубраимовдун пикиринде, “кандай эл болбосун тарыхый аң-сезим жана тарыхый эстутум менен бирге тилин, маданиятын, ата-бабаларынан калган заманга шайкеш каада-салттарын, үрп-адаттарын, иденттүүлүктөрүн, адеп-ахлактарын сактап өнүктүрүүсү, кармануусу керек. Ансыз эл болгондон калат. (“Эл үчүн нарк-насилден кымбат нерсе жок”, “Майдан”, 30-май, 2022-ж.) Төмөндө ушул эле макаладан Бектемир агайдын улуттук нарк боюнча орундуу ойлоруна орун берсек…” Дүйнөдө илим-билимдин, инновациялык технологиялардын туу чокусуна жетишкен менен рухий чөйрөдө да улуттук нарк-насилин бекем сактап келаткан жапон, кытай, еврей, индус сыяктуу элдер бар. Бул элдерден тарагандар кайсыл жерге барышпасын, жашашпасын, нелерге жетишпесин улуттук идентүүлүктөрүн жоготушпай, кастарлап баркташат, өз менталитеттерине шайкеш жашап, иштешет. Мен улуттук нарк дегенди ушундай түшүнөм. Кыргыз кайсыл учурда, кандай жерде болбосун, кыргыз бойдон калышы керек”.
Академиктин бул пикири да бул жагы Орусиядан тартып, Америка, Австралияга чейин жумуш издеп кеткен кыргыз жаштары үчүн таалим сабак болчудай экен. Баракелде!
Эми алысты коюп, назарыбызды өзүбүздүн Бишкек менен Ошко буралы! Бектемир
Мурзубраимов “Борбор калаа мамлекеттин жүзү жана күзгүсү” (“Кыргыз Туусу”, 21-август, 25-август, 2009-ж.), “Кызмат адамдын эмес, адам кызматтын ажарын ачсын” (Шаардын тарыхы жана проблемасы жөнүндө шаар башчысы Нариман Түлеевге кайрылуу), “Баш калаа … атына заты төп келсе” (“Кыргыз Туусу”, 3-6-июнь, 2005-ж.), “Столица соответствует ли своему статусу”(“Слово Кыргызстана”, 28 июня, 2005-г.) деп аталган макалаларында аз гана жылда таанылгыстай болуп өзгөргөн Ашхабад, Ташкент жана Астана шаарларынын мисалында эгемендүү мамлекеттин борбор шаары кандай болушу керектигин таамай көрсөтөт. Андан ары бул зор максатка кантип жетүү жолдорун ачыктайт. “Ал үчүн мына бул беш багытты: уюштуруу жана кадр иштери, жаштар менен иштөө, социалдык жана маданий маселелерди чечүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, курулуш, муниципалдык чарба жана кызмат көрсөтүү өңдүү маселелерди чечүү менен борбор шаардын улуттук ажарын ача турган архитектуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу керек” деп жазат. Ал эми “Ош – Кыргызстандын экинчи борбору же ордолуу Оштун айланасындагы ойлор”(“Кыргыз Туусу”, 26-28-сентябрь, 2000-ж.), макаласында, ошондой эле Оштун 3000 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө (Ош шаары, 5-октябрь, 2000-ж.) Ошту Кыргызстандын экинчи борбору кылып жарыялоону сунуштайт. Эл депутатынын ошондогу демилгеси бийликтен колдоо тапканы азыр көпчүлүккө дайын.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, академик үчүн майда нерсе жок. Баары маанилүү. Мисалы, Ош шаарынын ажайып көрүнүшүн алалы. Мен өзүм былтыр Ошко барып, жаштыгыбыз өткөн калаадан мурдагы кооздукту, тазалыкты, иретттүүлүктү таппай келгем. Бектемир агай болсо тээ илгери эле союз доорунда “Айтпай коюуга акым жок” (“Ленин жолу”, 11-февраль, 1988-ж.) аттуу жалындуу макаласында “… табигат биздин Ошко өтө марттык кылган экен. Анын рельефиндей аймак бу ааламда кем эле болсо керек. Шаардын дал чордонунда Сулайман тоосу жайгашып, ортосунан тең бөлө Ак-Буура дарыясы өтөт. Карап турсаң өзүнчө эле ажайып! Биз ошол керемет кооздукту XX кылымдын адамынын эстетикалык табитине шайкеш келе тургандай деңгээлде пайдаланып жатабызбы? Албетте, жок”, — деп ачуу чындыкты моюнга алыптыр.
Тилекке каршы, академиктин Бишкек, Ош тууралуу, дегеле жашообуздун баардык жактары жөнүндө айткан омоктуу ойлору, колдоого аларлык сунуштары бүгүнкү күнгө дейре чечилбей келет…
Мугалимдерди кор туткан мамлекет өнүкпөйт
Бектемир Мурзубраимов кандай кызматты аркалабасын, кайсыл жумушта иштебесин, баарынан мурун мугалим экенин унуткан жок. Кайсыл доордо болбосун, ушул улуу жана сыймыктуу кесипти туу тутту, бийик кармады, өзүнүнүн жүздөгөн окуучуларына, шакирттерине бул кесипти сүйүү, ага жан дили менен берилип кызмат кылуу жагынан үлгү болуп келди. Азыр да ошол жазыгынан жазбады. ”Абалың кандай мугалим же мугалимдерди кор туткан өлкө өнүкпөйбү?” (“Кутбилим”, 5-октябрь, 2007-жыл) деген омоктуу макаласында: “Биз эмнелерди жаратпайлы, курбайлы, жыйбайлы, алардын баары келечектеги муундар үчүн. Эртеңки муундарсыз биздин бүгүнкү аткарып жаткан иштерибиз өзүнүн маани-мазмунун жоготот. Ошондуктан кандай гана коом, кандай гана түзүлүш болбосун, эгерде келечегин чындап ойлосо, негизги маселени биринчи кезекте чечүүсү керек. Ал – жаш муундарга таалим-тарбия, билим берүү маселеси. Ал эми мектепти мугалимсиз элестетүүгө болбойт. Мектепке жан киргизип, аны илим-билимдин, таалим-тарбиянын, маданияттын очогуна айландыргандар – мугалимдер. Мугалимдер жөнүндө не бир жакшы сөздөр айтылып келет, бирок канчалык айтылса да алар аздык кылат”, — деп башкаларды да мугалимдерди сыйлоого, бул кесиптин кадырына жетүүгө үндөйт. Көкүрөгү таза инсан ”Башка учурларда болбосо да, майрамдардын алдында мугалимдердин даректерине жогорудагыдай жакшы сөздөр жетишерлик айтылат, бирок “халва, халва деп канчалык какшасаң да оозуңа ширин татыбайт “ дегендей , жакшы сөздөр менен курсак тоюп, кийим бүтөлүп кетпейт. Айтылгандарга жараша мугалимдердин эмгектери ошончолук деңгээлде акчалай, материалдык жана моралдык жактан баалануулары керек. Майрамдарда, жыйындарда, шайлоолордун жүрүшүндө ооз көбүртө мактап коюп, калган учурларда эстен чыгарып жибергендин мугалимдерге такыр кереги жок” деп эгемендүү мамлекетибизде агай-эжейлерге жетиштүү көңүл бурулбай жатканына чын дилинен кейийт. Анын пикиринде, мугалимдер өз эмгегине жараша татыктуу маяна алууга, эс алууга, сыйланууга татыктуу. Көрүнүп тургандай, Бектемир агайдын мугалим тууралуу ойлору өз ичине терең маанини камтыйт. ..”Мугалимди мөмөлүү дарак деп коёбуз. Дарак ойдогудай мөмө бериш үчүн анын түптөрүн жумшартып, азыктандырып, сугарып, илдеттерден арылтып, айлана-тегеректерин жакшыртып, бутактарын кыркып, ирээтке келтиришибиз керек. Даракты отургузуп койсо эле, өзүнөн-өзү түшүм бере бербейт. Мугалим үчүн көрүлгөн камкордук эң кайтарымдуу, натыйжалуу капиталдык салым экенин унутпайлы. Инновациялык экономикалары бар өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү тармагы үчүн каражат жетишпейт деген маселе болбойт. Алсак, Жапония, Түштүк Корея, Малайзия, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдө ички дүң продуктынын 10-24%га чейинкиси билим берүү тармагына бөлүнөт. Кошуна Өзбекстанда бул көрсөткүч 12%дан ашат. Ал эми бизде 5%га жетпейт. Мугалимдердин айлыктарын көбөйтүп, тармактагы абалды жакшыртуу үчүн бул көрсөткүчтү жок дегенде 7-8%га жеткирүу керек. Францияда, Германияда, Грецияда, Испанияда, Португалияда мугалимдер мамлекеттик кызматкерлердин статусуна ээ. Алардын айлык акылары, жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдалануулары, ошол эле учурда жоопкерчиликтери да мамлекеттик кызматкерлердики менен бирдей. Бизде болсо мугалимдер шайлоо, референдумдарда, анан майрамдарда көбүртө сөздөрдү айтканга гана керек. Кошумча статус бермек түгүл, калган учурларда мугалимдердин жашоосу менен эч кимдин иши жок”, — дейт ал.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жаңы бийликтин билим берүү тармагындагы арымдуу аракеттеринен улам 2022-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөбүздө билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасы эки-үч эсеге көбөйдү. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине, анын ичинде мугалимдерге ипотекалык негизде үйлөр бериле баштады. Бишкекте 500 үй-бүлөгө эсептелген социалдык үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Азыр мугалимдерди референдум өткөрүүгө, шайлоо кампаниясына тартууга тыюу салынган. Ушул алгылыктуу иштерге күбө болуп жатып, мындай өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын Бектемир Мурзубраимов мындан 20-30 жыл мурда көрө билгенине таң каласың. Көрөгөч адам деп ушуну айт!
Акыркы кездерде коомчулукта “Мугалимдердин арасында эмне үчүн эл баатыры жок?” деген суроону көбүрөөк берип жатышат.
Б.Мурзубраимов 2007-жылы эле жогорудагы макалада ушул маселени көтөрүп чыккан. “Бизде азыр кесиптик майрамына чейин мугалимди эч ким деле эстебейт. Кесиптик майрамдын алдында же курултайга аралаш гана бир нече мугалимге ардак наамдар, Ардак грамоталар ыйгарылып калат. Анткен менен мугалимдердин арасынан мамлекеттик эң жогорку сыйлыктарды, атап айтсак, «Манас» орденин алгандар бирин-экин, ал эми баатыр наамын алгандар таптакыр жок”, — дейт.
Андан кийинки ойлору да окурманды ойго салбай койбойт. “Эл мугалими наамы бар педагогдордун саны республика боюнча 15 эле. Мамлекет аларга ай сайын 10 миңден стипендия берип турса деле бюджетке эч күч келбейт. 150 миңди айрым жетекчилер бир айда телефон чыгымына коротуп жатышпайбы? Эл мугалими наамы барлардын жеңилдиктери жана артыкчылыктары “Эл жазуучусу”, “Эл акыны”, “Эл артисти” наамы барлар менен бирдей болууга тийиш. Эне менен атага теңеп жаткан кесип ээлери мындай сый-урматка татыктуу. Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү демилге, сунуштар менен чыгышса жакшы болмок” – деп жазат.
Ушул эле китепте берилген “Мугалимдерге кайдыгер карабайлы (же мугалимдер баатырлыкка татыксызбы?), (“КТР-Обо”, №40 (620), 3-октябрь, 2008-жыл) макаласында окуучулардын тамактануусун уюштуруу, мектептердин шарттарын жакшыртуу, аларды алдыңкы заманбап компьютерлер менен жабдуу, мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу, мектеп менен ата-энелердин өз ара карым-катышын бекемдөө тууралуу айтып келип, кайрадан мугалимдин коомдогу ордун, кадыр-баркын жогорулатуу маселесине кайрылат. “Мугалим мамлекет тарабынан финансылык-материалдык жактан толук жетиштүү камсыз болуп, эч кимге көз каранды болбошу керек. …Мектептен, ага жан киргизген мугалимден мамлекет эч нерсени аянбашы керек. Себеби, ал ыймандын уюткусу, билимдин булагы, коомдун тиреги эмеспи”, — деп айтат.
Бир топ жылдар бою Кыргызстанда Илимдер академиясынын тегерегиндеги талаш-тартыш басылбай келет. Акырында “социализмдегидей борборлоштурулган илим-изилдөө өзүн актабай калды, илим-изилдөөнү ЖОЖдордун базасында жүргүзүү керек” деген ойлор жеңип, өкмөттүн чечими аркылуу Улуттук илимдер академиясынын бир топ илим-изилдөө институттары, лабораториялары ЖОЖдордун карамагына берилди. Б.Мурзубраимовдун илим тууралуу ойлоруна кулак салсак. “Наука как отрасль призвана опережать решение текущих экономических и социальных задач, вырабатывать пути и методы достижения высокоэффективных организационных мер рационального использования трудовых ресурсов”, — дейт ал орус тилиндеги “О реформировании научной сферы” (“Слово Кыргызстана”, №125, 28 ноября, 2007 г.) аттуу макаласында.
Макалада көйгөйдү чечүүнүн көрүнүктүү жолдору да так көрсөтүлгөн. Окуп көрөлү. “Для повышения эффективности науки нужен приток свежих сил. Для этого представляется необходимым укреплять связи между вузовской и академической науками, развивать преемственность поколений. В этом аспекте важно, чтобы после 3-го курса наиболее одаренные студенты тесно увязывали свою учебу с академической наукой. Важно, чтобы преддипломная практика таких одаренных в науке студентов также проходило в стенах Академии наук. Чтобы воспитывать достойную смену, было бы целесообразно из государственных вузов республиканского значения, а их порядка 10-15, отобрать наиболее одаренных студентов, имеющих намерение и способности заниматься научной работой, и закрепить за учеными Академии наук”.
Бул айтылган ойлор, сунуштар бүгүнкү күндө да өз маанисин түк жоготкон жок.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер