Мекенди сүйүү мектептен башталат!
- 01.10.2026
- 0
Кызыл-Кыя шаарындагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинде патриоттуулукка жана адеп-ахлакка багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Аталган билим очогун жетектеп келе жаткан директор Дилдора Мамаджанованын колдоосу менен уюштурулган бул жолугушуу жаштардын граждандык позициясын бекемдөөгө багытталды. 
Иш-чаранын башкы демилгечиси жана мейманы — Республикалык «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов болду. Белгилей кетсек, бул коомдук бирикме өлкө боюнча мектептерде Аскерге чейинки даярдык (АЧД) кабинетинин ачылышына демөөрчүлүк кылып, билим берүү тармагы менен тыгыз кызматташып келет. 
Патриoттук багыттагы маанилүү жыйынга шаардык коомчулуктун жана күч структураларынын өкүлдөрү катышып, өзгөчө колдоо көрсөтүштү:
Алимбекова Тахмина — Кызыл-кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.
Улукбек Тороев — Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү- Рызаева Г. С.
Майор М. Эрматов — Кызыл-Кыя ШИИБнин башчысынын орун басары жана башка милиция кызматкерлери.
Капитан Пазылов Улукбек Базарбаевич-Кызыл-кия шаардык аскер комиссариатынын аскер комиссарынын орун басары. 
Иш-чаранын башкы максаты жана артыкчылыгы: Бул жөн гана жолугушуу эмес, өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн кам көргөн коңгуроо болду. Жаштар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, аларга туура багыт берүү, темирдей тартипке, ынтымакка жана жоопкерчиликке үйрөтүү көздөлдү. Күч структураларынын өкүлдөрү окуучуларга түз кайрылып, мекенди коргоо — биринчи кезекте абийирдин, билимдин жана тартиптин жемиши экендигин түшүндүрүштү. 
«Мекенчилдик — жүрөктөн башталат.Мектеп окуучулары биринчи медициналык жардам ыкмаларын көрсөтүштү. 
Мекенди сүйүү — мектептен башталат!
Жаш муун — Кыргызстандын жаркын келечеги!»