МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ

  • 29.05.2025
  • 0

Жакында эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Айры-Там айылында жаштарды мекенчилик сезимге тарбиялоо боюнча  жагымдуу окуя болду. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи аталган айылдагы Маданбек Алымбеков атындагы  жалпы билим берүү  орто мектебинде  генерал-майор Алымбеков Бактыбектин ысымы ыйгарылган аскерге чейинки даярдык классы ачылды.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТБул иш-чаранын демилгечилери, мындан мурда дагы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептерине аскерге чейинки даярдык боюнча 16 класс ачкан  «Мекенди коргоочулар» коомдук  бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов, ушул коомдук бирикменин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча координатору, полковник Маматсабыр Матибраимов, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустары боюнча координатору, подполковник Канатбек Бейшеев  жана мектеп жамааты болду.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТБолочок мекенди коргоочуларды  таалим-тарбия берүүчү аскерге чейинки даярдык классынын ачылыш аземине  төрт жүзгө чукул меймандар жана жергиликтүү тургундар катышты. Эске салсак ушул айылдан чыккан белгилүү юрист Маданбек Алымбеков кезегиңде укук коргоо, анын ичинде прокуратура тармагында эмгектенип, өлкөбүздүн юстиция министри жана Жогорку соттун төрагасы да болгон. Уулу, милициянын генерал – майору, юридика илимдеринин доктору, доцент Бактыбек Алымбеков  да атасынын жолун жолдоп, укук коргоо органдарында иштеп,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары катары кызмат өтөп,  2010-жылдагы Ош окуясы учурунда министрдин милдетин да аткарган.  Мекенчил инсан  Бакытбек Маданбекович буга чейин да атасынын ысымы берилген орто мектепке көп жолу материалдык жардам берип, окуучуларды  мекенчилдик сезимге тарбиялоого колдоо көрсөтүп турган.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ23-майда милициянын  генерал-майору  Бакытбек Алымбеков өзүнүн ысымы ыйгарылып жаткан аскерге чейинки даярдык классынын ачылышына катышып, жаш муундарга мекенди коргоо ыйык милдет экенин, мектептен мекенчилдик сезим калыптануусуна ушундай заманбап класстардын болуусу зарылдыгын айтып,  күч түзүмдөрүнүн  ардагерлерине жана жалпы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ-Бекеринен СССРдин тушунда аскердик даярдык боюнча окууларды мектеп жашынан эле окутпаган да. Биз дагы ошол доордо эки жыл бою мектептерде аскерге даярдык боюнча атайын сабактарды окуп, мекенди коргоо ыйык милдет экенин түшүнүп, курал-жабдыктар менен таанышып, аны колдонуу боюнча түшүнүккө ээ болгонбуз. Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 87 токтому менен бекитилген. Анда орто жалпы билим берүү жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окуу жайларда негизги окуу программасына жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча окуу предмети киргизилген.  Мында аскердик милдет, аскердик кызматтын мааниси жана ошондой эле куралдуу күчтөрдүн аскердик антын жана аскердик уставдардын талаптары, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу окутулат. Бирок адистердин жетишсиздигинен, класстардын жабдылбаганынан максатына жетпей келаткан эле. Ошондуктан бул демилгени колго алып, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы айрым мектептерге аскерге чейинки  даярдык класстарын ачып жаткан “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесине жана аларды колдоого алган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем, -деди генерал Бактыбек Алымбеков.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТУшул коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Жайлообай Газыбековичтин айтымында, иш-чарага өлкөнү Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин ардагерлери,  райондун акиминин биринчи орун басары, Ала-Бука райондук Ички иштер бөлүмүнүн жана райондук аскер комиссариатынын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү,  милиция кызматкерлери, чек арачылар,  айыл аксакалдары,  мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты. Жаштарды татыктуу тарбиялаган мугалимдерге, ардагерлерге  Ардак грамоталар, төш белгилер тапшырылды.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТОшондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта жана Баткен коогалаңында курман болгондор  жана  мурдагы юстиция министри Маданбек Алымбеков эскерилип, М. Алымбековдун музейинде куран окулуп, иш-чара жогорку деңгээлде аяктады.

Эске салсак, Баткен коогалаңдарында мекен үчүн күжүрмөн кызмат өтөгөн Жайлообай Газыбекович Эшанкуловдун демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 2013-жылдан бери  Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече мектептеринде 11-класстар үчүн 17 аскерге чейинки  даярдык класстарын ачкан.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ-Мындай класстар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы №9 орто мектебинде, жана И. Абдрахманов атындагы №13  орто мектебинде, Исхак Раззаков атындагы Түрк лицейинде,   Баткен районунда болсо Ж.Эркебаев орто мектептеринде, Кадамжай району боюнча Молдо Нияз атындагы орто мектебинде, А.Торалиев орто мектебинде, Кызыл-Коргон орто мектебинде, Таиров орто мектебинде, Исфайрам орто мектеби, Үч-Коргондогу Жоми орто мектебинде  ачылып, аскердик алгачкы даярдык боюнча билим берүүдө. Ал эми Ош облусу боюнча Ноокат районундагы  Кеңеш орто мектебинде, Чоң-Алай районундагы Саид атындагы орто мектептеринде, Кара-Суу районундагы Өмүрзаков орто мектеби,  Агартуу орто мектебине, Араван районунда Эгенов орто мектебинде, Кара-Кулжа районундагы Субан уулу Алмас атындагы орто мектебинде,  аскерге чейинки  даярдык класстары иштеп жатат.  Ошондой эле мына Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Айры-Там айылындагы Мадан Алымбеков атындагы №19  орто мектепте жаңыдан ачылды.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТБул класстарда мекенди коргоодо үлгү, өрнөк катары таанылып, баатырларча курман болгондор жөнүндө кеңири баяндалып, аскерге чейинки машыгуулар, аскердик тартип боюнча сабактар өтүлөт. Мындай сабактарды албетте, аскердик чини, билими бар же аскерде кызмат өтөгөн адистер тарабынан өткөрүлгөнү максатка ылайыктуу болот. Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз, жакынкы күндөрдө дагы бир катар мектептерде мекенчилдикке тарбиялаган аскердик чейинки даярдоо класстарды, усулдук канааларды ачабыз,-дейт Жайлообай Эшанкулов.

«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов  негизи аскер адамы. 1995-жылдан 2000-жылга чейин  Ички иштер министрлигинде милиция кызматкери,  2000-жылдан 2002-жылга чейин Коргоо министрлигинде, 2002-жылдан 2010-жылга чейин Ички иштер министрлигинин ички аскерлер курамында кызмат өтөгөн.  Баткен облустук күч түзүмдөрүнүн ардагери учурда 64 жашта болсо да күүлүү-күчтүү, жакшы саамалыктардын башатында туруп келатат.

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ-Биздин максат бирөө эле. Ата Мекенге ак кызмат өтөө, мамлекетибизди көздүн карегиндей коргоого даяр туруу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо. Биз жалгыз эмеспиз. Ата Мекен үчүн ак кызмат кылган жөнөкөй инсандардан тарта жогорку чиндүү генералдарга чейин  өз өлкөсүн сүйгөн мекенчил инсандар демилгелерибизди колдоого алып келүүдө, -дейт Жайлообай Газыбекович.

“Мекен  коргоочулар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да мектеп окуучуларына мамлекетти коргоого, мекенди сүйүүгө, патриот болууга жана аскердик тартипти так билүүгө чакырып, жаштарга үлгү, өрнөк болуп келишет.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер