МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН МАЙРАМЫ

  • 19.05.2021
  • 0

Аксы районунун мектептеринде 19-май — Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу жыйындар өткөрүлдү.

МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН МАЙРАМЫ

Анда Кыргыз Республикасынын Туусу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» кошундарынын туулары киргизилип, Кыргыз Республикасынын Гимни, Жаштар маршы аткарылды. Топ башчылары рапорт берип, топтордун ураандары, ырлары айтылды.

МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН МАЙРАМЫ

Окуунун, спорттун, коомдук иштердин мыктыларына Ардак грамоталар тапшырылып, сыйлыктар берилди. Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун кошундарына жаңы мүчөлөр кабыл алынды. Салтанаттуу жыйынды жагымдуу ыр-бийлер коштоду.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер