МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМДЕРДИ ОЙГОТКОН ИШ-ЧАРА
- 27.08.2021
- 0
2021-жылдын 26-августунда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн 30-жылдык майрамына арналган кызыктуу иш-чара болуп өттү.
Бул күнү «Кылымдарды карыткан кыргыз мамлекети» китеп-сүрөт көргөзмөсүнө жана «Эсимде кымбат экениң, Эгемен элим, Мекеним» аттуу майрамдык кечеге келген көрөрмандар залда көп болду.
Мекенчил сезимдерди ойготкон кечеде Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №94 орто мектебинин 7-8 — класстарынын окуучулары катышып, Мекен тууралуу ырларды жатка айтып беришти.
Айдаров Курманбек, Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №94 орто мектебинин тарых мугалими
Бөлүшүү
Комментарийлер