МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРДЫН ЭЖЕЙИ

  • 28.02.2021
  • 0

Бөлөкбаева Махабат — Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 орто мектебинин эң алдыңкы мугалимдеринин бири. Ал өз ишинде мекенчилдикке тарбиялоого өзгөчө маани берет.

МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРДЫН ЭЖЕЙИ

Жакында чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим «23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата ары кызыктуу, ары таасирдүү тарбиялык иш-чара уюштурду.

МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРДЫН ЭЖЕЙИ

— Акыркы мезгилдерде бизде турмуштун айынан чет жерге жумуш издеп кеткендер көп. Акчаны тапса болот, бирок мекенди жоготуп алсак, кайра таба албайбыз. Мекен — баарынан ыйык, баарынан кымбат! Азыртан балдарга мекендин ыйыктыгын сездиришибиз керек, — дейт Махабат Усупбековна.

МЕКЕНЧИЛ БАЛДАРДЫН ЭЖЕЙИ

Мекен Коргоочулар күнүнө карата уюштурулган кечеде Махабат эжейдин 3″д» классынын окуучулары Мекен, Ата Мекен темасында патриоттук сезимди козгогон ырлардан көркөм айтышып, орус тилинде «Катюша» ырын хор менен ырдап, бийлеп да беришти.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер