МЕКЕН ЖҮГҮН АЛГАН МУГАЛИМГЕ ТААЗИМ

  • 20.04.2020
  • 0

https://youtu.be/kQBPqdYIpCg

Бул оор күндөрү аралыктан билим берип жаткан мугалимдер жалпы элдин, коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Жакында Жалал-Абад облусундагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинин 5″в»классынын ата-энелери аталган мектептин мугалимдерин коронавируска байланышкан карантин шартында билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аралыктан окутуп жатышканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

‘Терметип билимине алтын бешик,

Келгин деп канчаларга ачып эшик.

Үйрөтөр бул дүйнөнүн көп сырларын,

Ушундай бийик-татаал мугалимдик кесип», — деген ыр саптарын адамдык касиетин бийик туткан, мекендин оор жүгүн өз мойнуна алган мугалимдерге арнашып, агай-эжейлерге бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт-таалай каалашты.

Өздөрүнүн видео кайрылуусунда ата-энелер мугалимдердин баскан-турганы, түмөн түйшүктүү агартуучулук эмгеги балдарга таасын тарбия, үлгү экенин белгилешти.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер