МЕКЕН КОРГООЧУЛАРЫНА АРНАЛГАН ТАЙМАШ
- 19.02.2021
- 0
19-февралда Кара-Көл шаарындагы №718 аскер бөлүгүндө шаардагы бардык мектептердин 9-10-11-класстарынын окуучулары үчүн «Ачык эшик күнү» болуп өттү.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда бул иш-чара «23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» арналып, анын алкагында жогорку класстардын окуучуларынын арасында шаардык «Мен мекен сакчысымын!» аттуу таймаш өткөрүлдү.
Таймаштын жыйынтыгында Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин «Ак тулпар» командасы 1-орунга, Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин «Десант» командасы 2-орунга, Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясынын «Айкөл Манас» тобу 3-орунга ээ болду. Шаардык мэрия тарабынан алты командага тең акчалай сыйлыктар берилди.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер