МЕКЕН АРДАГЕРЛЕРИ – МЕКЕНЧИЛДИК ҮЛГҮСҮ

  • 22.02.2022
  • 0

Бишкек шаарынын №2 орто мектебинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган меймандарга мектептин сыймыгы болгон “Аскердик даңк” музейине экскурсия болуп, жаңыртылган стенддер жана толукталган аскердик буюмдар көрсөтүлдү. Анын соңунда меймандар ачык тарбиялык сааттарга катышып жана Улуу Ата Мекендик согуштун жана оорук ардагерлерине арналган салтанатка күбө болушту.

МЕКЕН АРДАГЕРЛЕРИ – МЕКЕНЧИЛДИК ҮЛГҮСҮ

Салтанаттын ачылышында мектеп директору Чынара Маразыкова жалпы конокторго куттуктоо жолдоду, андан соң курман болгон Мекен Ардагерлерине эскерүү минутасы болду.

Өсүп келе жаткан муунга мекенчилдик, атуулдук ар-намыс жана мекен коргоочуларына болгон сыймык, урматтоо сезимин уютуу максатында өткөрүлгөн иш-чарага башталгыч класстын окуучуларынан баштап, жогорку класстын окуучуларына чейин жан дили менен катышып, ыр, бий, монолог, спорттук көнүгүүлөрдү, согуш учурунан театрлаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.

Ардактуу меймандардын сап башында турган Бишкек шаардык Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, Бишкек мэриясынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Гузель Турдубаева, “Кут Билим” газетасынын башкы редактору Кубат Чекиров жана башкалар окуучуларга ыраазычылык айтуу менен мекен сакчылыгында мекенди коргоо ыйык милдет жана жакшы окугандары, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымы экенин билүүсүн, окуучуларга ушундай мекенчилдик эмне экенин окутуп, үйрөтүп жаткан педагогдорго иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Ал эми КТРКда эмгектенген, панфиловчунун небереси болгон Таланова Любовь куттуктоо, каалоо тилектерине кошуп: “Тарых бурмаланбаш керек, кайра өзгөртүлүп жазылбаш керек! Панфиловчулардын неберелери, урпактары бар болсо, байланышып, кайрылгыла. Биз тарыхты өзгөртпөй сактап калалы!” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чаранын соңунда меймандар менен эстелик сүрөткө түшүү менен майрамдык белектер тапшырылды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер