БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕГЕ ҮЙ КУРУП БЕРИШТИ
- 25.05.2023
- 0
Кемин районуна караштуу Кайыңды айылындагы Аалы Токомбаев атындагы орто мектебинин он жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдагы жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү үй салып беришти.
Мектепти бүткөндүгүнүн он жылдыгын белгилеп жаткан жаштар камкор иштери менен башка жаштарга үлгү болууда. 17 классташ кеңешип, 600 миң сомго курулуш материалдарды сатып алышкан. Ал эми үйдү көп жылдан бери куруу тармагында иштеп жүргөн Калысбек Тариел уулу колго алган. Башкалары чогуу келип жардамдашып, баштан-аяк өздөрү салып бүтүрүштү.
«Үй салып берүү демилгесин Талгат аттуу классташыбыз биринчи көтөрдү. Балдар кеңешип, колдодук. Бирок кимге салып беребиз деген маселе козголгондо айылдагы эки жалгыз бой апанын бирин тандай албай бушайман болдук. Себеби экөө тең үйгө муктаж эле. Башында экөөнө тең үй тургузсакпы деп ойлогонбуз. Бирок үйдүн ичи бүтпөй калмак. Ошондуктан Динара апаны тандап, ичи-сыртына чейин бүткөн үй салып берүүнү чечтик. Себеби апабыз 60 жашка келип калды. Жашоо шарты начар. Жолдошу он жыл мурун каза болгон. Убактылуу бирөөнүн үйүндө жашайт. Апанын өзүнө тиешелүү жер тилкеси бар экен, ошол жерге салып бердик. Былтыр күзүндө фундаментин куюп койгонбуз. Жазында калган иштерин уланттык. Үй салып берерибизди апабызга айтсак, «Кудайдан сурап жүрдүм эле» деп кубанып, көзүнө жаш алды. Мындай жөрөлгө биздин айылда биринчи жолу болуп жаткандыктан, айыл эли моралдык колдоо көрсөтүп, дем-күч берип турду. Атүгүл, кумун төгүп берген, оор жүктөрдү бекер жеткирип, үйдүн ичине светин коюп, люстрасын алып берген жашоочулар да болду. Үй — баарыбыздын ынтымагыбыздын жыйынтыгы. Акча деле роль ойнобойт экен. Эгерде ынтымактуу болсоң баардык нерсе чечилип, көп нерсеге жетет экенбиз, — дейт Калыс Тариел уулу.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»
Комментарийлер