МЭЭРИМ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРУУГА ТАЛАПКЕР

  • 20.04.2024
  • 0

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРУУГА ТАЛАПКЕР

20-апрелде Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири кыз-келиндер арасында абдан курч мүнөздө, атаандаштык менен өтүүдө. Түшкө чейинки беттешүүлөрдө мыктылар иргелип, Париж олимпиадасына 12 жолдомого талапкерлер аныкталып, жарым финалга чыгышты. Кыргызстандын намысын үч балбан кыз: Айжан Сабырбек кызы, Калмира Билимбек кызы жана Мээрим Жуманазарова коргоп, олимпиадага жолдомо алууга Мээрим гана талапкер болуп, жарым финалга чыкты.

Жеңил салмакта кимдер жарым финалга чыкты?

50 кг салмакта былтыр Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында Азия өлкөлөрү 5 жолдомо утуп алган.  Ошондуктан бул салмакта жарым финалга чыгыш үчүн таймашуулар курч мүнөздө өттү.  Эң чоң сюрприз 53 кг салмакта дүйнөнүн коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону жана Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын катышуучусу,  индиялык ВИНЕШ Пхогат бул ирет Парижге жолдомо  алуу үчүн 50 кг салмакта күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыкты. Ал жолдомо үчүн өзбекстандык Лаура Ганикызы менен күч сынашат. 29 жаштагы  Винеш 2019-жылы 50 килограммдан 53 килограммга көтөрүлүп,  2019-жылы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон.  Рио Олимпиадасында байгелүү орунга илинбей арманда калган. Бул ирет кайрадан 50 кг салмакта күрөшүп жаткан балбан кыздардын лидерлердин бири болуп турат.

Экинчи жарым финалга Азия чемпионаттарынын коло байге ээси,жаштар арасында Азия чемпиону, өзбекстандык Актенге   КЕУНИМЖАЕВА  менен Кытай Тайпеинин өкүлү Менг Шань Хшие чыкты. Кимдердин жылдыз жанып, Парижге жолу ачылат? Аны кечиндеги беттешүүлөр аныктайт.

Айжан Сабырбек кызы жаштык кылды

53 кг салмакта  Кыргызстандын намысын коргогон жаш балбан Айжан Сабырбек кызы чейрек финалда өзбекстандык Шахида Ахмедовага жеңилип, жолдомого жолу буулуп калды. Айжан жаштык кылып, атаандашына алдырып койду.   Бул салмакта Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, кытайлык Цяньюй ПАН жарым финалда өзбекстандык Шахида Ахмедова менен күрөшөт.

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРУУГА ТАЛАПКЕР

Экинчи жарым финалда жердиги кыргызстандык Казакстандын намысын коргоп жүргөн дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Жылдыз Эшимова Түндүк Кореянын балбаны Хошон Чое менен беттешет.

Калмира мелдештен четтеди

57 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Калмира Билимбек кызы алгачкы атаандашы индиялык Ашинге утулуп, мелдештен четтеп калды.

 

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРУУГА ТАЛАПКЕР

Ал жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгону менен кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актай албады. Бул салмакта жарым финалда Азия оюндарында коло медалынын ээси, кытайлык  Kэсин ХОНГ менен  Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, түндүк кореялык Ин Су Чонг  менен беттешет. Кимиси жеңсе, Париж олимпиадасына жолдомо алат.

Ал эми экинчи жарым финалга Токио Олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, индиялык Малик АНШУ  менен Азия оюндарынын коло байге, Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, өзбекстандык Лайлохон СОБИРОВА чыкты. Жеңүүчүсүнө жолдомо ы йгарылат.

Олимпиадада Айсулуунун атаандаштары кимдер болот?

62 кг. салмакта жарым финалдык беттешүүгө  Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын үч жолку коло байге ээси, 30 жаштагы түндүк кореялык Мён СУК ЧОН жана индиялык Манси  укук алышты.   Экинчи жарым финалда   дүйнөнүн 2017-жылкы чемпиону, Азия чемпиону, 30 жаштагы монгол балбаны Орхон ПУРЕВДОРЖ менен Түштүк Кореялык Хамбит Ли беттешмек болду.

Бул салмакта Айсулуу Тыныбекова былтыр дүйнө чемпионатында олимпиадага жолдомо алгандыктан бул турнирге катышпагандыктан балбан кыздар кооптонбой таймашууларга чыкты. Кечинде Айсулуунун олимпададагы атаандаштары аныкталат.

Мээрим жарым финалда күрөшөт  

Түшкө чейин 68 кг салмакта таймашуулар курч мүнөздө өттү.  Себеби бул категорияга жети гана балбан киргендиктен, чүчүкулак Нелсон стилинде жүргүзүлүп, жана балбандар төрт жана үчтөн эки топко бөлүндү. Ар бир топтон алдыңкы эки балбан жарым финалга чыкты.  Жарым финалда “А” тайпасынын мыкты балбаны “В” тайпасында экинчи орунду алган балбандар менен беттешет.

Жарым финалда  Түндүк Кореянын өкүлү Сол  Гум Пак менен  Азия оюндарынын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, 30 жаштагы кытайлык Чжоу Фэн беттешет.  Ал эми экинчи жарым финалда дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова менен  Азия чемпионаттарында күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык Набира Эсенбаева Париж олимпиадасынын жолдомосу үчүн  күч сынашмак болду.

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРУУГА ТАЛАПКЕР

Түшкө чейин Мээрим үч беттешүү өткөрдү.  Алгач Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарында күмүш жана коло медалдарды уткан, Азия оюндарын чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, 37 жаштагы казакстандык Елена Шалыгина далысын килемге даана тийгизүү менен утту. Андан киийн Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, 2021-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган индиялык Ниша Дахияны дагы далысын килемге даана тийгизип, мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Тилекке каршы Мээрим Жуманазарова үчүнчү беттешүүсүндө Түндүк Кореянын балбаны Сол  Гум Пактан 6:2 эсебинде жеңилип калды. Бирок өз тобунда экинчи орунду алгандыктан жарым финалда күрөшүүгө укук алды.

Кыргызстандык күйөрмандар кечинде  Мээрим Жумназарованы сүрөөнгө алып, колдоого алышмакчы.

Айперинин кезектеги атаандаштары ким болот?

76 кг. салмакта дагы жети балбан жана эки топко бөлүнүп, жолдомо үчүн мөрөй талашып, мыктылары аныкталып, жолдомо алууга талапкерлер такталды.

Мында жарым финалда  Азия оюндарынын коло байге ээси кытайлык Жуань Ванг менен  дүйнөнүн эки жолку күмүш медалынын ээси, Азиянын 3 жолку чемпиону, 28 жаштагы казакстандык  Жамиля БАКБЕРГЕНОВА жолдомо үчүн күч сынашат

Ошондой эле күч атасын тааныбайт дегендей жарым финалда жаштар арасында дүйнө чемпиону, индиялык Ритика Худа менен Кытай Тайпейинин намысын коргогон Хи Чанг дагы Париж олимпиадасына жолдомо үчүн беттешет.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы Парижге жолун ачып, учурда даярдык катары Бишкектеги Азия чемпионатына катышып, алтын медаль утуп алган. Ошентип Айперинин олимпиада оюндарындагы кезектеги атаандаштары кимдер болоору кечинде аныкталат.

21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан. Кечээ, 19-апрелде Бишкектеги Азиялык лицензиялык турнирде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев да Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышты.

Кабыл Макешов, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер