МЭЭНЕТТИН ЖАНА ТЫНЫМСЫЗ МАШЫГУУНУН ЖЕМИШИ!
- 02.07.2025
- 0
Бали! Сүйүнүчтүү кабар. 2025-жылдын 17-июнунда Голландия мамлекетинин (Нидерланды) Гаага шаарында менталдык арифметика боюнча “Shenmo” Эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Бул олимпиадага Кытай, Нидерланды жана башка мамлекеттерден көптөгөн окуучулар катышты. Кыргызстандын намысын коргоп барган “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башталгыч класстарынын 20 окуучусу катышты. Акыл таймашында көптөгөн өнүккөн мамлекеттерден келген окуучулар менен теңтайлашып негизги сыйлыктарды жеңип алышкан борбор калаабыздагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин жетишкендиктери: 1-деңгээл боюнча Гран-При сыйлыгын Мамбетова Мариям, 2-деңгээл боюнча Гран-При сыйлыгын Бектуров Төрөгелди, 3-деңгээл боюнча Гран-При сыйлыгын Абдыкадыров Амир жеңип алды! Мындан тышкары, 1-2-3-байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларыбыздын саны арбын болду.
Эске сала кетсек “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин окуучулары дайыма көптөгөн эл аралык мелдештерге катышып жеңүүчү аталып келишет.
Бул иш-чаранын өзгөчө маанилүү бөлүгү — Кытайдагы “Shenmo Education” башкы кеңсесинин өкүлдөрүнүн катышуусу болду. Алар иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурушуп, катышуучулардын мыкты даярдыгын өзгөчө белгилешти. Менталдык арифметика боюнча ыкчамдык жөндөмдөрүн сынаган бул престиждүү мелдеште окуучуларыбыз өз билимдерин жана тырышчаактыктарын көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлеп, бизди кубандырышты. Мамлекетибиздин желегин бийик көтөргөн окуучуларыбызды алкоо менен бирге аларды мыкты даярдаган “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин мугалимдер жамаатын жана ар тараптуу көмөк көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Кыргыз туусун желбиретип, атагын чыгарып акыл таймашында жеңүүчү болгон окучуучуларыбыз менен мектеп жамаатына таазим кылып, алдыда ийгиликтерди каалайбыз.
Бул жеңиш — мээнеттин жана тынымсыз машыгуунун жемиши!
Комментарийлер