МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

  • 23.06.2021
  • 0

22-июнда Бишкекте мигрант аялдардын жаратман эмгегин даңазалаган «Мекенге мээримин арнаган айымдар» аттуу китептин бет ачары болуп өттү.
Онлайн конференциянын ишине Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, эксклюзивдүү адабий эмгекти жараткан журналист Абдыжапар Нурдинов, фонддун кызматкерлери, бир катар демөөрчү уюмдардын өкүлдөрү, Орусиядан, Шотландиядан, АКШдан жана өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан китептин каармандары болушкан лидер айымдар катышып, өздөрүнүн омоктуу ойлору менен бөлүштү.

Онлайн форматта өткөн бул конференциянын ишин «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева алып барды.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

-Кыргызстандык миллионго чукул адам чет өлкөдө эмгектенсе, анын тең жарымын аялдар түзөт. Аялдар — үйдүн куту гана болбостон, чет жерде эмгектенип, тажрыйба топтоп, өз үй-бүлөсүн багып, өз айылынын, өз мекенинин өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошууда, — деп айтты конференциянын модератору.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева онлайн конференцияда азыркы дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө, урбанизация, мигрант аялдар маселесине кеңири токтолду.

— Биз өзгөрүп жатабыз. Бизге өөн нерселер да жабышып жатат. Мигранттардын көбү көп калктуу чоң шаарларда турушат. Өз эне тили менен катар алар ошол элдин да тилин, маданиятын, жашоо эрежелерин билүүгө тийиш. Ансыз болбойт. Бул китеп ошол өзгөрөм дегендер үчүн табылгыс насаат! Китепте адамдын туруктуулугу, эрки, өз турмушу үчүн күрөшү чебер баяндалган, — деди Роза Исаковна.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев өз сөзүндө гендердик теңдикти камсыз кылуудагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына кайрылды.

— Балдарды бактылуу кылуу үчүн алардын энесин бактылуу кылыш керек экен. Муну алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы ачыктап турат. Коомдо аялдар чечүүчү күчкө ээ болушу үчүн албетте алдын ушундай каарман мигрант айымдардын өрнөгү зарыл деп ойлойм, — деди Жогорку Кеңештеги эл өкүлү.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

Миграция жаатындагы мыкты эксперт Алмаз Жолчуев мигрант айымдардын атын элге тааныткан авторго жана бул китепти даярдап, басып чыгарган «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондуна ыраазычылык билдирди.

— Былтыркы пандемия тушунда бул мигрант айымдардын көбү мекендештердин өз өлкөсүнө кайтып келишинде бизге зор жардам беришти. Учурда экономика министрлиги эгер мигранттар өз өлкөсүндө ишкерлик менен алектенем десе, кандай жеңилдиктер берилерин карап жатат, — деп айтты ТИМдин кызматкери.

Демөөрчү уюмдардын атынан чыгып сүйлөгөн Дилдора Хамидова, Орусиянын Екатеринбург шаарындагы «Кыргыз-Урал» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлшан Долонбаева, Шотландияда жаңы зеландиялык жолдошу менен турмуш куруп, өмүр кечирген Рахат Жусупова китепти чыгарууга салым кошкон баардык уюмдарга, адамдарга зор ыраазычылык билдиришти.

— Адамдар өз маданиятында гана өздөрүн коопсуз сезишет. Чет жерде тилиңен ажырайсың, маданиятыңан чектелесиң. Ошол үчүн мага окшоп чет өлкөдө жашап, эмгектенген адамдарга бул китеп өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп эсептелет, — дейт мекендешибиз Рахат Жусупова.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

Британ аралдарында жашаган
Рахат айымдын ал жактагы мекендештердин башын бириктирип, бир да майрамды калтырбай белгилеп, улуттук кийимди, улуттук каада-салтты унутпай, аны чет элдиктерге таанытып жүргөнү
жүрөк жылыткан жагымдуу көрүнүш.

«Кара-Кече кыздары» кайрымдуулук фондунун башчысы Угулай Капарова, АКШдан философия доктору Махабат Баймырзаева мигрант айымдар тууралуу жыйнактын жарык көрүшүн аялзатынын турмушундагы позитивдүү окуя катары сыпатташты.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

— Илимде «позитивдүү өзгөрүүлөр» деген теория бар. Мында башкы көңүл көйгөйгө эмес, позитивдүү көрүнүшкө бурулат. Биз чогулганда эле көйгөйлөрдү айтып киребиз. Анан депрессияга туш болобуз. Кемчиликти айткан кишиден башкалар да алыстай башташат, — деди Ph.D илимий даражасынын ээси.

Баса, Американын жогорку окуу жайларынын биринде эмгектенген кыргызстандык илимпоз Махабат Баймырзаева жакын арада көл жээгинде алдыңкы окутуу технологиялары боюнча ЖОЖ окутуучуларына тренинг уюштурууга камынып жатыптыр.

Орусияда бир топ жылдар бою мигрант болуп иштеп келген таластык лидер айым, айылдык кеңештин үч жолку депутаты Сүйүмкан Байышованын өрнөктүү өмүрү башкалар үчүн таалим сабак болуп саналат.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

— Орусияда иштеп жүргөндө кимдин кайдан экенине, улутуна, динине карабай, колдон келген жардамымды берип жүрдүм. Бир жолу жалалабаддык келинге жумуш таап бердим, анан орус кызды ишке орноштурдум. Көбүнүн документин толтурдум. Акыл-кеңешимди да эч кимден аяган жокмун, — деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Баткендеги айтылуу ак-турпак күрүчүн өстүргөн дыйкандардын атынан конференцияга Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдыев катышты.

МЭЭНЕТКЕЧ, МЕКЕНЧИЛ МИГРАНТ АЙЫМДАРДЫН ЫСЫМДАРЫН БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

— Кыргызстанда лидер мигрант айымдар бар экенин билчү эмеспиз. Ушул китептен билдик. Биздин айыл өкмөттөн да бир каарман эжебиз  киргенине кубанып турабыз, — деп айтты өлкөбүздөгү өзүн-өзү башкарууга өткөн бирден-бир айыл өкмөттүн башчысынын орун басары.

Маалымат үчүн айта кетсек:
«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун «Мекенге мээримин арнаган айымдар» жыйнагы «Мигрант аял» долбоорунун алкагында жарык көрдү. Китепте өлкөбүздүн алты айыл өкмөтүнүн сунушу менен учурда чет өлкөлөрдө жүрүшкөн, ошондой эле мекенине кайтып келип эмгектенип жатышкан 21 мигрант айымдын ийгилик сырлары камтылган.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер