МЕДРЕСЕЛЕРДЕ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

  • 08.01.2018
  • 0

Медреселерде кесиптик билим алган жаштар иштей баштады.  Билим алган жаштар өздөрү окуган медреседе дагы сабак өтүп жатышат. Медреселерде кесиптик билим алган жаштар иштей баштаганын муфтият билдирди.

МЕДРЕСЕЛЕРДЕ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

Маалыматка ылайык, быйыл Сузак районундагы «Имам Аъзам» медресесинде окуган 39 кыз жана 11 бала «Медресе жаштарына кесип үйрөтүү» долбоорунун алкагында ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүшкөн. Азыр алардын айрымдары ашпозчулук кесипти жакшы үйрөнгөндүгүн далилдеп, Жалал-Абад шаарындагы кафелерде, кондитердик цехтерде иштеп жатышат.

  • Алар ошондой эле өздөрү окуган «Имам Аъзам» медресесинде кулинария багытында сабак берип, кесипке үйрөткөн чакан имарат ачып, ошол эле жерден кондитердик азыктарды жасап сатканы жатышат. Тамак-аш, биринчиден, медреседе жатып окуган 64 балага жана келип-кетип окуган кыздар үчүн арзан, даамдуу жасалат, — деп айтылат маалыматта.

«Имам Аъзам» медресесинин директору Абдунасыр Авдувалиевдин айтымында, жалпысынан 20дан ашык продукцияларды сапаттуу кылып даярдап, элге сатыкка чыгаруу пландары бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер