Медициналык билимдин флагманы 85жашта
- 29.08.2024
- 0
Бүгүн, 29-августта Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдык юбилейине арналган Окумуштуулар кеңешинин ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ЖК депутаттары, элчиликтер жана министрликтердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө окуу жайдын 85жылдык тарыхына кайрылып, дүйнөлүк деңгээлгеги жогорку окуу жай болоруна ишенерин билдирди.
— Окуу жай Улуу ата мекендик согуштун алдында ачылып, миңдеген дарыгерлер билим алышты. Медициналык академия дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты ийгиликтерге жетише алды. И.Ахунбаевдин дүйнөдө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаганы буга күбө. Академиктерибиз Мамакеев, Кудаяров, Жумабеков, Мамытов, Раимжанов, Адамбеков жана башка жүздөн ашык медицина илиминин докторлору, 400дөн ашык илимдин кандидаттары — элдин сыймыгы жана үмүтү. Биздин академиктер, илимдин докторлору, таланттуу жаштар медицина жылдыздары болуп жанып, дүйнө жүзүндөгү эң мыкты окуу жайлары менен ат салыша турганына эч кандай күмөнүм жок. Медакадемияда билим алгандардын деңгээли дайыма жогору жана аны төмөндөтпөй улам жогорулатып туруу үчүн аракеттер арбын болууда. Сиздердин ден соолукту, өмүрдү сактап калган ишиңиздер адамдарга бакыт-таалай алып келүүдө. Сиздердин асыл колдор жасаган операциялар, жазып берген дарылар өмүрдүн дабасы болуп, өчүп бара жаткан үмүт отун жандырат. Окуу жай дайыма өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо системасынын тиреги болуп, жаңы муундагы кесипкөй адистерди тарбиялап, албан-албан ийгиликтерге жетиңиздер — деди Акылбек Жапаров.
ЖК депутаты Дастан Бекешов окуу жай 85жыл аралыгында илим тармагына опол-тоодой эмгегин сиңирип, бир гана кыргыздын мыкты медициналык кызматкерлерин даярдабастан, чет өлкөлөр үчүн да мыкты кадрларды чыгарганын айтып өттү. Окуу жайды аты алыскы өлкөлөрдө да таанымал кадрларды даярдоочу устакана деп атап, жылдан жылга өсүп-өнүгүп, гүлдөп жатканын өзгөчө баса белгиледи.
Юбилейлик мааракесин белгилеп жаткан окуу жай менен жашташ бүтүрүүчүсү, медицина илимдеринни доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, Сейитхан Жошыбаев институт жаңыдан салынып баштаган убакта фундаментине бетон куйган күндөрүн эстеп, өзүн али да Кыргызстанга карызмын деп эсептерин, учкан уясына дайыма тартып турарын айтты. Ар бир адамда билим уясын унутпай, эл үчүн кызмат кылам деген сезим жашаса экен деди.
- Билим уямдын 85жылдык мааракеси белгиленип жаткан жылы өзүм да 85жашка толдум. Бул өтө жакшы ырым го деп ойлойм.
- Медициналык академия бүгүнкү күнү кандай заңгыраган окуу жайга айланып, жер жүзүнө аты чыккан окуу жайга айланды. Ушул окуу жайдан бардык билимди алып, кандидат, доктор, корреспондент мүчөсү да болуп бүткүл союзга белгилүү болдум. Иса Коноевичтин бир окуучусу болгонума абдан ыраазымын. Агайым жүрөк хирургиясы тармагын көтөрсөк экен деп абдан кыялданчу эле. Жүрөк хирургиясы жана орган трансплатациялоо институтун түптөп, анын тилегин орундаттым деп шүгүр кылам. Бир убактарда бирге иштеген кесиптештеримдин аманчылыгын көрүп, кубанычта болуп турам. Медициналык академия баарыбыз бирге эмгек өтөгөн жер. Мааракелик иш-чарага кубануу менен келдим, — деди Сейитхан Жошыбаев.
Медициналык академия менен жашташ сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Миталип Мамытов, Дүйшө Кудаяровдар да куттукттоо сөздөрүп айтып, дал ушул окуу жайдын бүтүрүүчүсү болгонуна кубанычын билдирди. Быйыл 97жашка толгон КР Баатыры Мамбет Мамакеев да билим уясына куттуктоосун жолдоду.
Иш-чарада конокторго окуу жайдын тарыхын чагылдырылган видео-тасма көрсөтүлүп, сыйлыктар тапшырылды. Окуу жай беш бүтүрүүчүсүнө И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Академиги наамын ыйгарды.
Чет элдик меймандарды КММА музейи өзгөчө кызыктырды. Анда университет түзүлгөн биринчи жылынан тартып, бардык бүтүрүүчүлөрдүн фотосүрөттөрү коюлган.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер