МЕДИА ЖАНА БИЛИМ: ЖАРАТМАН КҮЧТӨР БИРИКТИК
- 04.11.2022
- 0
«Кут Билим» медиа борбору
“Кут Билим” Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы жарчысы жана бүткүл мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, коомдук трибунасы катары белгилүү. Билим берүү жана илим тармагындагы бардык иш процессин жөнгө салган, багыт берген бардык мамлекеттик расмий документтерди, анын ичинде окуу жана өнүгүү программаларын, инструктивдик көрсөтмөлөрдү, буйруктары, усулдук иштелмелерди, алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбасын жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларына, илимий мекемелерге, бала бакчадан тартып бардык мектептерге жеткирип жаткан, бул тармактагы күнүмдүк жаңылыктар менен орчундуу окуяларды оперативдүү чагылдырган, билим берүүнүн азыркы учурдагы көйгөйлөрүн көтөрүп, ачык талкуулаган жана улуттук педагогикалык акыл-ойду пропаганда кылган республикалык бирден бир басылма.
“Кут Билим Сабак” окуу-усулдук тиркемеси республикадагы алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтып, сабак өтүүнүн инновациялык прогрессивдүү жолдорун көрсөтүп, педагогдордун кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө көмөктөшкөн басылма болуп 1999-жылдан бери айына бир жолу чыгып келатат.
“Ардак белгиси” ордендүү “Эл агартуу” илимий-педагогикалык жана методикалык журналы эки айда бир жолу чыгууда. Анда сабакты окутуунун заманбап усулдарынан тартып илимий изилдөөлөргө чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүүдө.
Ушундай эле орчундуу милдетти “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” илимий-методикалык журналы дагы аткарууда. Ал бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы орус тилин окуткан педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбасын пропаганда кылып, эң жаңы окуу лингводидактикалык, адабий дидактикалык жана агартуучулук материалдарды орус тил жана адабиятын окуткан мугалимдерге жеткирип, оперативдүү методикалык жардам көрсөтүп келаткан илимий-методикалык эле эмес, академиялык жана предметтик-методикалык басылма болуп саналат.
Азыркы учурда “Кут Билим”, “Кут Билим Сабак” гезиттерине, “Эл агартуу”, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналдарына 2023-жылдын биринчи жарымына бардык почта түйүндөрүндө жазылуу активдүү жүрүп жатат.
ЖАРАТМАН КҮЧТӨР БИРИКТИК
Үстүбүздөгү жыл “Кут Билимдеги” эле эмес, педагогикалык башка басылмалардагы кесиптештерим үчүн да жаңы саамалыктын, жаңы үмүт-тилектердин жылы болуп калды.
Билим берүү жана илим министринин чечими менен “Кут Билим” гезитинин жана “Эл агартуу”, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналдарынын редакциялары биригип, “Кут Билим” медиа борборун түздүк. Бул жердеги башкы максат – интеллектуалдык-чыгармачылык, каржылык потенциалды бириктирип, бирдиктүү редакциялык саясат менен иштөө, бирдиктүү чарбалык-өндүрүштүк ишмердикти жүргүзүү. Аталган газета менен педагогикалык багыттагы журналдар ондогон жылдардан бери билим берүү жана илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, агартуу тармагынын он миңдеген күжүрмөн кызматкеринин кесиптик жардамчысы жана коомдук трибунасы болуп кызмат кылып келатат. Санарип технологиялар дүркүрөп өнүккөн азыркы заманда ЖМКнын классикалык салттык түрлөрү дагы өзгөрүп, алардын ордуна социалдык тармак деп аталган мультимедиялык форматтагы жаңы медиалар келүүдө. Мына ушундай шартта биз үчүн өнүгүүнүн жаңы жолун, стратегиясын табуу эң маанилүү маселе болуп алдыбызда турат. Кандай жол менен кеткен күндө дагы эң негизги максатыбыз – агартуу тармагынын жарчысы, ар бир мугалимдин, илимпоздун, интеллектуал адамдын кесиптик кеңешчиси болуп, илим-билимдин коммуникациясын жүргүзүп, эгемен өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө ак кызматыбызды кыла
беребиз.
Кубатбек Чекиров,
“Кут Билим” медиа борборунун директору
КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛГЕН ГЕЗИТ
Адатта журналистикада гезиттин ичиндеги материалдардын өмүрү кыска, тактап айтканда бир күндүк деп коюшат. Ал эми “Кут Билимде” жарык көргөн макалалардын өмүрү бир жылдык, балким андан да узактай көрүнөт.
Себеби, бизден чыккан материалдар мугалимдин бир жылдык азыгына барабар. Жакшы мугалим “Кут Билимди” көп барактайт. Гезит анын эң жакын кеңешчиси, устаты боло алат. “Кут Билим” мугалимдин кесиптик дараметин бир кыйла көтөргөнгө чоң көмөкчү дагы. Мугалим өз гезитин өзү окуткан баласындай сүйүп окуп жатса, анда ал гезитте иштегендердин да, ата-энелердин да, коомчулуктун да бактысы, жеңиши дээр элем. Анткени гезитибиз эң алды мектеп көйгөйүн, билим реформасын, инновациянын, заманбап окутуунун бешигин терметип турат. Мугалим гезит берген ыргакка түшпөсө бир жери кемип тургандай сезилет. “Кут Билим” да мугалимсиз кунарсыз болор эле.
“Кут Билим” ар дайым мугалим тарапта, ошонун камчысын чаап, күжүлдөп күн тынымын билбей, тынбай иштеп жатат. Калыстык, тереңдик, чындык, бийиктик биздин кредобуз.
Гезитибиз замандан артта калбай, андан да озгусу келип, бир жылдык эмес жүз жылдан кийинкини да ойлоп иштеп жаткандай элес калтырат мага. Гезитибиздин деңгээли улам бийиктеп, бир жагынан сайтыбыз күжүлдөп иштеп, өзүнчө бир тегирменден ун тарткандайбыз. Мунун баары мугалим, илим, таалим тарбия татыктуу болсо деген аракет.
“Кут Билим” медиа борбору болуп түзүлгөнү эки эселенген жоопкерчилик менен иштөөгө өттүк. Максатыбыз бир эле-мугалим журтун, илим, билим айдыңын сүрөп, министрлик баштаган максаттуу чоң реформаларды ишке ашырууда колуна кол, бутуна бут болуп көмөктөшүү. Ошол башталган өзгөрүүлөрдү элге туура жеткирүү, ынандыруу, шыктандыруу да биздин милдетке кирет.
Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим” газетасынын башкы редактору
Мультидисциплинардык илимий басылма – учур талабы
Республикалык педагогикалык жана илимий-методикалык «Эл агартуу» журналы өлкөдөгү эң эле алгачкы басылмалардын бири. Ал өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынан бери жалгыз басылма катары билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жарандардын муктаждыктарын кандырып, айрыкча, мектеп мугалимдерине методикалык көмөк көрсөтүп келди.
«Эл агартуу» журналы өзүнүн беттеринде илимий-педагогикалык жана методикалык макалаларды, окуу программаларын, методикалык сунуштарды, окутуунун жаңы ыкмалары тууралуу алдыңкы тажрыйбаларды жарыялап келе жатат. Илим тармактары тарых, география, химия, физика, тил илими, адабият таануу, этнопедагогика жана жалпы педагогика багыттары боюнча КРнын Улуттук аттестациялык комиссиясынын (УАК) рецензиялануучу журналдарынын тизмесине киргизилди, буга 9 балл берилди.
Кыргыз Республикасында гана эмес, чет өлкөлүк илимий коомчулукту фундаменталдык жана прикладдык илим жаатында жаңы илимий натыйжалар менен тааныштырууга арналган мультидисциплинардык мезгилдүү илимий басылма кылууну, философия, социология, тарых, саясат таануу, маданият таануу, филология, педагогика жана психология, экономика жана укук жаатындагы маселелерди ар тараптуу чагылдырууну сунуш кылат. Илим тармактарынын заманбап проблемаларын терең жана деталдуу изилдөөгө, ошондой эле, өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүү механизмин түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Учурда журналдын беттеринде төмөнкү багыттарды (рубрикаларды) кошумча киргизүү пландаштырылып жатат: экономикалык жана философиялык илимдер. Журналда жарыяланган материалдар билим берүү процессинде экономикалык, филологиялык, философиялык илимдерге байланыштуу даярдоо багыттары боюнча, ошондой эле окутуунун башка багыттарынын программаларына киргизилген ушул багыттагы жалпы дисциплиналар боюнча колдонулат.
Журнал илимий, илимий-методикалык, педагогикалык макалаларды, сын-пикирлерди, рецензияларды, билдирүүлөрдү жана отчетторду, тиешелүү тармактын (тармактардын, адистиктердин топторунун) илимин өнүктүрүүгө байланыштуу башка илимий маалыматтарды басып чыгарууну улантат.
2023-жылдан тартып журналга жазылуу ишин жандандыруу, жазылгандардын санын көбөйтүү милдети турат. Ан үчүн республикадагы ар бир мектеп бирден эле нускага жазылса, мунун жалпы саны болжол менен эки миңден ашмак. Журнал илимпоздордун жана изденүүчүлөрдүн ишин кыйла жеңилдетип, сапатын көтөрүүгө жардам берет.
Чолпонбек Тайтелиев,“Эл агартуу” журналынын башкы редактору
СТАРЕЙШИЙ — В СОДРУЖЕСТВЕ
Одним из реальных, постоянно действующих факторов сохранения и развития пространства русского языка и наследия русской культуры в Кыргызстане является республиканский научно-методический журнал «Русский язык и литература в школах Кыргызстана». Первый его номер вышел еще в далёком 1958 году. Основателем и бессменным главным редактором его был проф. Л.А.Шейман. Наш журнал продолжал регулярно выходить в трудные девяностые годы, когда прекратили свое существование почти все издания подобного профиля в бывших союзных республиках. Сегодня это – старейший журнал такого рода в Содружестве Независимых Государств.
По своему непосредственному назначению он оказывает оперативную помощь педагогам-русистам республики, знакомит с опытом работы лучших из них и углубленно анализирует его, публикует новейшие учебные лингводидактические, литературодидактические и просветительские материалы.
На страницах журнала с эксклюзивными, предназначенными специально для его читателя – статьями, выступали видные государственные и общественные деятели республики, ученые, корифеи национальной художественной культуры.
Но есть у этого издания и своё, особенное – то, что, по слову Баратынского, отличается «лица необщим выраженьем».
Во-первых, с самого первого дня своего рождения оно, сохраняя неизменную практическую направленность, было изданием научным, а ныне является и академическим. Оно выпускалось научными сотрудниками Киргизского научно-исследовательского института педагогики, что позволяло ему лидировать не только в трансляции плодотворных идей прикладной русистики в республике, но и генерировать оригинальные культурологические и научно-методические концепции в этой области – такие, как учебное этнокультуроведение, педагогически ориентированное паритетное евразийство, освоение ранее неизвестных или неизученных аспектов проблематики «Восток – Запад» в мире А.С.Пушкина и
другие.
Во-вторых, журнал стал одним из значимых и авторитетных явлений в социокультурной ситуации страны, активно содействуя утверждению в общественном сознании идеи о важной роли русского языка и русской литературы в жизни Кыргызстана, в развитии современной кыргызской национальной культуры. Именно на страницах этого издания всемирно знаменитый киргизский писатель Чингиз Айтматов тоже опубликовал свои размышления, озаглавленные крылатым афоризмом, который сам по себе стал классикой: «Кто полюбит Пушкина, тот полюбит и русский язык». Журнал способствует сохранению русского языка в базовом учебном плане школ республики.
И в-третьих, в деятельности этого журнала чрезвычайно существенен был международный аспект: здесь неизменно выступали и продолжают выступают педагоги, ученые ближнего и дальнего зарубежья, в первую очередь – коллеги из России. Среди них – вице-президент МАПРЯЛ, президент Института русского языка имени А.С.Пушкина академик В.Г.Костомаров, академики Г.Н.Волков, Ш.А.Амонашвили, А.В.Текучев, один из основоположников лингвострановедения, известный славист Е.М.Верещагин, автор теории семантической информации профессор Ю.А.Шрейдер и многие другие.
Показательно, что, с интервалом не более чем в один год, президенты России и Киргизии акцентировали общественное признание плодотворной деятельности журнала «Русский язык и литература в школах Кыргызстана», отметив ее правительственными наградами (главного редактора – Л.А.Шеймана) – орденом «Данакер» («Умиротворитель»), а президент Владимир Путин – орденом Дружбы.
Гулжигит Соронкулов, главный редактор журнала «Русский язык и литература в школах Кыргызстана» В январе 2023 года исполняется 65 лет республиканскому научно-методическому журналу «Русский язык и литература в школах Кыргызстана».
Комментарийлер