МЕЧИТПИ ЖЕ МЕКТЕППИ? 

  • 04.08.2026
  • 0

Акыркы кездери маалымат айдыңынан «араб шейхтери же кайрымдуулук фонддору тигил же бул айылга заңгыраган мечит салып берди» деген жаңылыктарды көп кезиктирип калдым. Ушундан улам менде көптөн бери бир орчундуу ой жаралып жүргөн: бизге азыркы тапта чын эле ушунча көп мечит керекпи?

МЕЧИТПИ ЖЕ МЕКТЕППИ? 

Ушул суроонун тегерегинде ойлонуп жүргөнүмдө, жакында УТРКдан Адилет Чубаковдун кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Каныбек Иманалиев менен болгон атайын подкастын көрүп калдым. Подкаст аябай мыкты, терең мазмундуу чыгыптыр! Андагы улуттун келечеги, билим берүү тууралуу айтылган курч ойлор менин ичимде бышып келе жаткан маселени кайрадан козгоду. Ооба, көзүбүздү ачып, реалдуулукка тике карай турган убак келди.

МЕЧИТПИ ЖЕ МЕКТЕППИ? 

Сөз баштала электе эле «мамлекет кайда карап жатат?» деп өкмөткө асылганды токтотолу. Акыркы жылдары мамлекет билим берүүгө болушунча күчүн үрөп, ондогон жаңы мектептерди салып, эскилерин жаңылап жатканын сокур адам гана моюнга албайт. Бирок мамлекеттин бюджети резина эмес да, 30 жылдап жыйналып калган көйгөйдү бир заматта толук чечип салгыдай!

Кеп таптакыр башкада. Кеп — сырттан келген араб фонддорунун акчасына же өзүбүздүн эле байлардын «сооп табам» деген фанаттык жарышында болуп жатат.

Расмий маалыматтарга таяналы: Кыргызстанда азыр 3000ден ашуун мечит бар. Ал эми мамлекеттик мектептердин жалпы саны 2300дүн тегереги. Ойлонуп көргүлөчү, билим берүү очокторуна караганда намаз окуган жайлар алда канча көп! Бир эле айылда 2-3төн заңгыраган мечиттер турат, бирок жарым-жартылайы бош. Эми ошол айылга 4-мечитти куруунун кимге кереги бар?

Эгер биз ошол «сооп издеп келген» демөөрчүлөргө: «Токтоткула, бизге мечит жетет! Андан көрө мамлекеттин аракетине кол кабыш кылып, мектеп, бала бакча, IT-лаборатория салып бергиле!» деп шарт койсок эмне болот? Билим берүү системабыз азыркыдан 10 эсе тез өнүкмөк. Мамлекет өз аракетин кылып жатат, эгер сырттан келген миллиондогон долларлар да жалаң билим берүүгө жумшалса, бизде бир дагы авариялык мектеп калбайт эле го?!

Динде эң биринчи аят «Оку!» («Икра!») деп түшкөн эмеспи? Уламалардын өзү деле «Коомдун эң курч муктаждыгын чечүү — эң чоң сооп» деп какшап келишет. Бош турган дубалдарды тургузуп коюп, «сооп алдым» деп өзүбүздү алдаганды качан токтойбуз?

Чыныгы, кыяматка чейин сооп алып келүүчү «Садака-и жария» — бул билим! Ошол жаңы салынган мектептен окуган бала эртең мыкты дарыгер болуп адамдын өмүрүн сактаса, мыкты инженер болуп элге көпүрө курса, ошол мектепти салган адамдын амал китебине сооп дарыя болуп куюлуп турбайбы!

Келгиле, элдин диний сезими менен ойной бербей, улуттун келечегине инвестиция кылалы. Мамлекет мектеп салып жатабы — демөөрчүлөр да ага кошулуп билим берүүгө каражат бөлсүн. Илимдүү коом гана өнүгөт. Мектеп салган адам — улуттун келечегин салат.

Алишер АСАНОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер