“МЭА” ААК ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МРАМОР АЙЫЛЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ДАРЕКТҮҮ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
- 01.12.2020
- 0
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК Чүй облусунун Мрамор айылындагы орто мектептин окуучуларына аралыктан билим алуу үчүн уюлдук телефон (смартфон) түрүндө даректүү кайрымдуулук жардамын көрсөттү.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу, быйыл Кыргызстандын мектептеринде биринчи класстын окуучулары гана күндүзгү бөлүмдө окушат, ал эми калган окуучуларга онлайн режиминде билим алуу тапшырмасы берилген. Бирок муну баарынын эле колунан келе бербейт.
Ала-Арча айыл аймагы Мрамор орто мектебинин смартфонго өтө муктаж окуучуларынын тизмесин берди. Бул тизме мектеп администрациясы тарабынан 1-чейректин окуу процессине мониторинг жүргүзүү учурунда түзүлгөн. Булар аз камсыз болгон / кедей үй-бүлөлөрдүн балдары жана дистанттык билим алуу үчүн зарыл шарттары жок деп айтууга болот.
“МЭА” ААКнын башкармалыгы дистанттык окутууну колдоо үчүн бардык талаптарга жооп берген уюлдук телефон түрүндө 6 окуучуга жардам көрсөтүүнү чечти. Мындан тышкары, балдарга наушник жана мукабалар берилди.
Ата-энелер жана мектеп администрациясы ушундай оор мезгилде балдарга убагында көңүл бурулуп, жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Өз кезегинде «МЭА» ААКнын өкүлдөрү балдарга окууларына ийгилик жана чың ден-соолук каалашты.
Комментарийлер