МАЗМУНДУК ӨЗГӨРҮҮ — АЗЫРКЫ МЕКТЕП РЕФОРМАСЫНЫН ТҮЙҮНДҮҮ МАСЕЛЕСИ
- 11.03.2025
- 0
12 жылдык мектепке өтүүдө эң башкысы, окуучулардын жаш курагын же мектеп инфраструктурасын өзгөртүү эмес, билим берүүнүн мазмунун, окутуу методикаларын өзгөртүү экенин 11-мартта журналисттер үчүн жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баса белгиледи.
— Билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүнү эч ким байкабайт. Биз алдыдагы өзгөрүүлөрдүн укуктук базасын түздүк. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыктык. Жаңы баалуулуктарды көздөдүк, – деп айтты билим берүү тармагынын жетекчиси бул тууралуу маалымат жыйынында.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер