МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ҮЧҮН ЭКИ АЙЛЫК АШПОЗЧУЛУК КУРСУ БАШТАЛДЫ

  • 09.10.2026

Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда майыптыгы бар адамдар үчүн ашпозчулук боюнча атайын окутуу уюштурулду. Окутуу Кыргызстан ашпозчулар ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүүдө. МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ҮЧҮН ЭКИ АЙЛЫК АШПОЗЧУЛУК КУРСУ БАШТАЛДЫ

Аталган демилге «Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде ишке ашууда. Окутууга катышып жаткан майыптыгы бар 33 жаран эки ай бою ашпозчулук кесибин өздөштүрүп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Добоордун негизги максаты — алардын эмгек рыногуна аралашуусуна, өз алдынча эмгектенүүсүнө жана экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө көмөктөшүү. МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ҮЧҮН ЭКИ АЙЛЫК АШПОЗЧУЛУК КУРСУ БАШТАЛДЫ

Белгилей кетсек, Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору буга чейин, 2025-жылы, аталган коомдук бирикмеге 1,5 миллион сом көлөмүндө колдоо көрсөткөн. Бул жолу борбор өз базасында эки айлык кесиптик окутууну уюштуруп, социалдык колдоону улантууда. Борбордон билдиришкендей, мындай демилгелер майыптыгы бар жарандардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна жана кесиптик потенциалын ишке ашыруусуна чоң өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ҮЧҮН ЭКИ АЙЛЫК АШПОЗЧУЛУК КУРСУ БАШТАЛДЫ

Бөлүшүү