МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВ -ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БАШКЫ РЕДАКТОРУ

  • 01.02.2023
  • 0

Белгилүү акын, көрүнүктүү журналист, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, ТҮРКСОЙдун  абройлуу “Ж.Баласагун-1000” медалынын жана бир катар коомдук сыйлыктардын ээси, “Беш акын” теле сынагынын жеңүүчүсү, “Кут Билим” газетасынын башкы редактору Майрамбек ТОКТОРОВ  КР журналисттер союзу тарабынан “ 2022-жылдын мыкты башкы редактору” деп таанылып, атайын диплом менен сыйланды.   

МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВ -ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БАШКЫ РЕДАКТОРУ

Аталган сыйлыкты КР журналисттер союзу тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн “Жалпыга маалымдоо каражаттары: Кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу республикалык конференциянын алкагында КР Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев менен КР журналисттер союзунун төрагасы А.Султанбаев салтанаттуу түрдө тапшырды.

“Сыйлык жалкы-сыймык жалпы” дегендей, “Кут Билимдин” башкы редактору Майрамбек ТОКТОРОВду талбаган, үзүрлүү ак эмгеги адилет бааланып, чоң сыйлыктарга жетиши менен чын дилден куттуктайбыз. Сизге чың ден соолук,  чыгармачылык зор ийгиликтерди каалайбыз!

“Кут Билим” газетасынын эмгек жамааты 

Бөлүшүү

Комментарийлер