МАТЕМАТИКА САБАГЫНАН КЫЗЫКТУУ КВН!
- 27.10.2025
- 0
Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы лицейдин 5—класстарынын окуучулары математика сабагында өз билимин, зиректигин жана тапкычтыгын сынаган «КВН – Акыл таймашы» иш-чарасына катышышты.




Маалыматка таянсак, иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар логикалык суроолорго жооп берип, математикалык табышмактарды чечип, кызыктуу тапшырмаларды аткарышты. Бул КВН сабагы окуучулардын ойлом жөндөмүн өстүрүп, математикага болгон кызыгуусун арттырды. Окуучуларды математика мугалими Эмилбек Кызы Айзаада эжей даярдаган.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер