«ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨ»

  • 05.12.2017
  • 0

«ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨ"УРМАТТУУ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА 3-8-КЛАССТАРДЫН МАТЕМАТИКА САБАГЫ БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР!

Баарыбызга белгилүү болгондой, биз маалыматтык коомдун кылымында жашап жатабыз, учурда табигый-математика илимдеринин ролу өсүүдө. Жогорку математикалык даярдыктын олуттуу формаларынын биринен  болуп математикалык олимпиада эсептелет.

Бир эмес бир канча жылдан бери «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы математикалык олимпиаданын алкагында жаш математика сүйүүчүлөрүн чогултуп келет. “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” Республикалык математикалык олимпиада — Кыргызстандын окуучулары үчүн математика боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү ачык мелдеш. Олимпиада үч курактык группа боюнча: 3-4-класстардын, 5-6-класстардын жана 7-8- класстардын окуучулары арасында кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

2017-2018-жылы «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлүүчү математика боюнча “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” Республикалык олимпиада үч турда өтөт: дистанциондук, аймактык (регионалдык) жана жыйынтыктоочу. 2017-жылдын 1-декабрынан тарта дистанциондук туру старт алат, ал 2018-жылдын 20-январына чейин уланат. Олимпиаданын бул этабында окуучулар 10 тапшырманы аткарышы зарыл. Тапшырма толук чечмеленип жазылып, математикалык жактан сабаттуу таризделип, бардык чийүүлөр жана схемалар карандаш менен аткарылууга тийиш. Бир канча ыкма менен маселени чечүүгө жол берилет.

Маселе ичке окуу дептерине жазылып өткөрүлүп берилүүгө тийиш, сыртына катышуучунун анкетасы чапталып (1-тиркемени караӊыз), анда аты-жөнү, почта дареги, телефон номери, жана мектептин дареги жана телефон номери, катышуучунун классы, ошондой эле мектеп директорунун аты-жөнү, же болбосо олимпиадага даярдаган мугалиминин аты-жөнү жазылат. Иш эч кимдин кийлигишүүсүз окуучу тарабынан жеке аткарылууга тийиш. Бул талапты бузгандыгы үчүн катышуучу конкурстан четтетилет. Тапшырмалардын аткарылыш кийинки дарек боюнча кабыл алынат: 720017, Бишкек ш., Манас пр., 1, БРИТА «Алтын түйүн», РМО. Бишкек ш. жана Чүй областынын окуучуларынын ата-энелери тапшырманы аткарылган дептерди БРИТА “Алтын түйүнгө” өз алдынча алып келип тапшырса да болот (конвертте, почтанын маркасы жок).

Дистанциондук турдун жыйынтыктары 2018-жылдын 1-февралында чыгарылат,  кийинки регионалдык турдун катышуучуларынын тизмеси «Кут билим» гезитине жана «Алтын түйүн» БРИТА сайтына жарыяланат. Ийгилик каалайбыз!

 1-тиркеме.

Фамилиясы
Аты, атасынын аты
Классы, мектеп номери
Yй дареги
Областы (региону)
Телефону, E-mail
Директордун аты-жөнүнүн телефону
Мугалимдин же олимпиадага даярдаган мугалиминин аты-жөнү
Регионалдык турНомери1.2.3.4.5.6.7.8.9.10.СуммасыТекшерди
Баллы

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

«Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы

 

“Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” РМОнун аймактык турунун тапшырмалары

 (2017)

(3-4-класс)

1 . Өзүнүн туулган күнүнө фрекен Бок чоң торт бышырды. Малыш менен торттун салмактарын кошсок, ал Карлсон менен фрекен Боктун салмактарын кошконго барабар. Тортту жеп бүтүшкөндөн кийин Карлсондун салмагы фрекен Бок менен Малыштын салмактарын кошконго барабар болуп кады. Торттун Карлсон жеген бөлүгүнүн салмагы фрекен Боктун туулган күнгө чейинки салмагына барабар экенин далидегиле.

2 . Бир байбиче 1-кабаттан 5-кабатка чейин 5 минутада жетти. Байбиче ошол эле ылдамдык менен басса, ал 1-кабаттан 9-кабатка чейин канча минутада жетет?

3 . Бөтөлкөдө 250 мл сүт болгон. Паша биринчи күнү сүттүн бештен бирин ичип койду. Анан калган сүттүн чейрегин (төрттөн бирин)  экинчи күнү ичип койду. Ошондон кийин калган сүттү Оля ичип койду. Анда кимиси көбүрөөк сүт ичти жана канчага?

4 . Петянын шкафында 12 түгөй ак байпак жана 10 түгөй кара байпак биринделип, аралашып жаткан эле. Петя көзүн таңып алып, байпактарды биринин артынын бирин сууруп чыгып жатты. Бирдей түстөгү (каалаган түстөгү) түгөй байпак кийүү үчүн канча (биринделген) байпак сууруп чыгыш керек? Ак түстөгү? Кара түстөгү?

5 . Куурчак театрынын буфетинен бир балмуздак жана эки пирожное алганда Петя 2 алтын тыйын төлөдү. Ал эми Мальвина үч балмуздак жана төрт пирожное үчүн 5 алтын тыйын төлөдү. Буратино үч алтын тыйынга канча пирожное сатып ала алат?

6 . Эгерде ар бир кыз 3 сом, ар бир бала 5 сом алып келсе, анда 30 окуучу 122 сом чогултарын Вася эсептеп койду. Класста канча бала, канча кыз бар эле?

7 . Каптын ичинде 24 кг мык бар. Таразаны жана анын табактарын гана колдонуп, анын таштарын (гиряларын) колдонбостон 9 кг мыкты кантип таразалап бөлүп алса болот?

8 . Айдын жуп числолорунда бала дайыма чын сүйлөйт, ал эми так числолорунда дайыма калп айтат. Ноябрдын удаалаш үч күнүндө бирөө ал баланын атын сураптыр. Бала биринчи күнү “Андрей” деп, экинчи күнү “Борис” деп, үчүнчү күнү “Виктор” деп жооп бериптир. Баланын аты ким?

9 . Матрос мышык мерчемдеп (баамдап) көрсө, квадрат формасындагы бөлмөнүн полун квадрат формасындагы (кафель) плиткалар менен төшөп чыкканда бир да плитканы кесүүгө туура келбейт экен. Адегенде бөлмөнүн кырка чекелерине гана плитка төшөп чыкса, ага 84 плитка кетиптир. Полду толугу менен жабуу үчүн канча плитка керек болот?

10 . ABCD төрт бурчтугун эки түз сызыктын кесиндиси менен төрт төрт бурчтукка бөлүштү. AKFE төрт бурчтугунун периметри 29 см, EFGD төрт бурчтугунун периметри 15 см, а KBHF төрт бурчтугунун периметри 36 см экени белгилүү. FHCG төрт бурчтугунун периметрин тапкыла. Жообуңарды түшүндүргүлө.

“Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” РМОнун аймактык турунун тапшырмалары

 (2017)

(5-6-класс)

1 . Машанын кызыл жана көк алмалары бар, алардын жалпы саны 10. Ал алмаларды 5 тарелкага ар бирине эки алмадан кылып салып койду. Ошондо кызыл алмалардын даана теңи көк алмалар менен бирге салынган экен. Эми көк алмалардын даана теңи кызыл алмалар менен бирге болгондой кылып салса болобу?

2 . Нурбектин бир окуу жылында математикадан алган бааларынын саны 100дөн кичине. Ал баалардын үчтөн бири – “үч”, чейреги (төрттөн бири) – “төрт”, бештен бири – “беш”. Ошондо Нурбек канча “эки” алган? Ал санды так аныктагыла.

3 . Саша үйүнүн жанына келген машинанын номерин байкап калды: СТО 85 – 87. Эгерде номердин биринчи санына экинчи сандын цифраларын кошсок 100 болот экен (85 + 8 + 7 = 100), ал эми экинчи санга биринчи сандын цифраларын кошсок да 100 болот экен (87 + 8 + 5 = 100). Бул сериядагы ушундай боло турган номерлердин бардыгы канча?

4 . Сол колдогу манжаларды санай баштайлы: биринчиси – бармак,  экинчиси – сөөмөй,  үчүнчүсү – ортон, төртүнчүсү – аты жок, бешинчиси – чыпалак, алтынчысы кайрадан – аты жок, жетинчиси – ортон, сегизинчиси – сөөмөй,  тогузунчусу – бармак, онунчусу – сөөмөй ж.б. Анда 1979-манжа кайсы манжа болот?

5 . Өзүнүн ар бир цифрасына так бөлүнгөн бардык эки орундуу сандардын санын тапкыла.

6 . Петянын төрт жаңгагы бар. Бардык мүмкүн болгон вариантта үчтөн жаңгак алып, аларды таразага тартканда 9 г, 14 г, 16 г, 18 г болду. Ар бир жаңгактын салмагын тапкыла.

7 . Өз ийиндеринен бир эле маалда бири-бирин көздөй эки коёнек чыкты. Үч мүнөттөн кийин бири-бирине тумшуктары менен тийишти да, чочуган боюнча ошол эле ылдамдыктарда кайра артка чуркашты. Кезиккенден соң 30 сек кийин алар токтоп калса, алардын ортосундагы аралык 21 м болгон. Бир коёнектин ылдамдыгы экинчиникинен 6 м/мин чоң. Ылдамыраак чуркаган коёнек өзүнүн ийнинен кандай аралыкта болуп калган?

8 . Клеткалуу (чакмак) тегиздикте коңуз сойлоп жүрөт. Клетканын жагынын узундугу 1 см. Коңуз О чекитинен чыгып жогору 1 см жылды да, оңго бурулуп 2 см жылды, андан соң ал кайра оңго бурулуп 3 см жылды, андан соң ал кайра оңго бурулуп 4 см жылды ж.б. Анда коңуз О чекитинен 2 см аралыкта канча жолу болгон?

9 . Матроскин мышык базардан бир нече алма алып келип, Шарикке мактанууда: “Сен кечээ алып келген алмалардан эки эсе көп алма алып келдим, бирок ар бир алманы сеникинен эки эсе арзан баада алдым”. Шарик алмаларды 75 сомго алган болсо, анда Матроскин алмаларга канча акча төлөгөн?

10 . ABCD төрт бурчтугун эки түз сызыктын кесиндиси менен төрт төрт бурчтукка бөлүштү. AFKM төрт бурчтугунун периметри 44 см, KECN төрт бурчтугунун периметри 32 см экени белгилүү. ABCD төрт бурчтугунун периметрин тапкыла. Жообуңарды түшүндүргүлө.

“Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” РМОнун аймактык турунун тапшырмалары

 (2017)

(7-8-класс)

1 . Он гномдун ар бири дайыма чынын айтат, же дайыма калп айтат. Алардын ар бири балмуздактын бир гана түрүн жакшы көрөт: сливочное, шоколадное же жемиштүү. Белоснежка адегенде сливочное балмуздагын жакшы көргөн гномдордун кол көтөрүүсүн суранды, ошондо гномдордун теңи кол көтөрүштү, андан соң жемиштүү балмуздагын жакшы көргөн гномдордун кол көтөрүүсүн суранды, мында болсо бир гана гном кол көтөрдү. Гномдордун канчасы чынчыл экен?

2 . Саша, Лёша жана Коля 100 м аралыкка чуркоого бир убакытта старт алышты. Саша марага жеткенде, Лёша анын артында 10 м аралыкта калган; а Лёша марага жеткенде, Коля анын артында 10 м аралыкта калган. Саша марага жеткенде, Саша менен Колянын ортосундагы аралык канча болгон? (Балдардын баары турактуу ылдамдыктар менен чуркашкан, албетте, бирдей эмес ылдамдыктар менен чуркашкан деп кабыл алалы.)

3 . Мектепте 350 окуучу жана 175 парта бар. Кыздардын тең жарымы партада бала менен бирге отурат. Балдардын тең жарымы партада кыз менен бирге отургандай кылып отургузса болобу?

4 . Маугли маймылдардан жаңгактарды алып келүүсүн суранды. Маймылдардын ар бири бирдей сандагы жаңгактарды чогултушту да, Мауглиге алып жөнөштү. Жолдо бара жатышып, маймылдар араздаша кетишти (уруша кетишти). Ар бир маймыл өзүнөн башка бардык маймылды бирден жаңгак менен (ыргытып) урган. Натыйжада Мауглиге 33 гана жаңгак келген. Маймылдар канчадан жаңгак чогултушкан? Ар бир маймыл бирден көп жаңгак алып келгени белгилүү.

5 . Эки орундуу эки санды алып, аларды бири бирине көбөйтөбүз. Ал көбөйтүндүнү А деп белгилейли. Эми ал көбөйтүлүүчүлөрдүн цифраларынын орундарын алмаштырабыз да, келип чыккан сандарды көбөйтөбүз. Ал көбөйтүндүнү В деп белгилейли. А – В саны 99 га бөлүнөөрүн далилдегиле.

6 . Бардыгы 24 таякча бар. Биринчи таякчанын узундугу 1 см, экинчисиники – 2 см, …, жыйырма төртүнчүсүнүкү – 24 см, (ар бир кийинки таякчанын узундугу мурункусунан 1 см ге чоң). Ушул таякчалардын бардыгын колдонуп, ар түрдүү үч квадратты кантип түзсө болот? Таякчаларды сындырууга болбойт, ар бир таякчаны бир гана квадратка киргизсе болот.

7 . Петя өзүнүн убактысынын үчтөн бирин футбол ойногонго, бештен бирин мектепте окууга, алтыдан бирин кинофильм көрүүгө, жетиден бирин олимпиадалык маселелерди чыгарууга, үчтөн бирин уктаганга кетирет. Ушинтип жашоого мүмкүнбү?

8 . Бир колхозчуда бирдей салмактагы бир нече торопой, бирдей салмактагы бир нече козу болгон. Пионер колхозчудан бир торопойдун жана бир козунун салмагы канча деп сурады. Анда колхозчу үч торопой жана эки козу биригип 22 кг, эки торопой жана үч козу биригип 23 кг болот деп жооп берди. Бир торопойдун жана бир козунун салмагы канча экенин кантип билсе болот?

9 . Бир эле х бүтүн саны жөнүндө үч дос билдирүү жасашты. Петя: “х саны 4 төн чоң, бирок 8 ден кичине”. Вася: “х саны 6 дан чоң, бирок 9 дан кичине”. Толя: “х саны 5 тен чоң, бирок 8 ден кичине”. Эгерде достордун экөөсү чын айтканы, а үчүнчүсү калп айтканы белгилүү болсо, анда х санын тапкыла. Табылган сандын туура экенин гана текшербестен, башка варианттар мүмкүн эмес экенин да түшүндүргүлө.

10 . Квадраттын ичиндеги штрихтелген фигуранын аянтын тапкыла. Квадраттын жагы 4а га барабар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер