МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНИН ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ

  • 20.04.2021
  • 0

Ысык-Көл облусунун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун координатору Өмүрбек  Молдокматов   облустун  математика мугалимдерине Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын ченемдик укуктук актылары боюнча лекция окуду.

Ченемдик актылардын түрлөрүнө  конституциялык мыйзам, кодекс, мыйзам  ченемдик актыларды колдонуу укуктары жана аларды коргоо боюнча мугалимдерге кеңири маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому: эмгек маянасы, эмгекке жарамсыздык баракчаларын, курска келген мугалимдердин иш сапарын, пенсия төлөө жана билим берүү тармагынын финансылык каржылоо боюнча мугалимдердин суроолоруна жооп берип, аны турмуштук мисалдар менен тастыктады.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер