МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 01.02.2022
  • 0

2022-жылдын 5-январында Математика боюнча республикалык олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математикалык мектебинин базасында өткөрүлдү.

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Олимпиадага I-этаптын жыйынтыктары боюнча рейтингде алгачкы 20 орунду ээлеген 9-, 10-, 11-класстардын окуучулары катышты.

28-январда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев куттуктап, байгелүү орундарды ээлеген окуучуларга диплом, ал эми мугалимдерге жана уюштуруучуларга алкыш каттарды тапшырды.

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Республикалык олимпиаданын жыйынтыктары боюнча төмөнкү окуучулар жеңүүчүлөр жана байге ээлери деп табылды.

 

9-класс

1-орун – Темирлан Русланов, Якир атындагы №61 АФММЛ ОК, Бишкек ш.

2-орун – Шумкар Мурзаканов, Якир атындагы №61 АФММЛ ОК, Бишкек ш.

2-орун – Адиль Мамытов, Якир атындагы №61 АФММЛ ОК, Бишкек ш.

3-орун – Алиенора Курбанбекова, Баткен областтык гимназиясы

3-орун – Аделина Исмаилова, Д. Бейшенов атындагы орто мектеп, Ак-Суу району

10-класс

1-орун – Эльдар Искандеров, Газпром Кыргызстан мектеби, Бишкек ш.

2-орун – Нуркыз Ыдырысова, №9 МГ ОТК, Бишкек ш.

2-орун – Сулайман Исманалиев, М. Бабкин атындагы №1 орто мектеп, Жалал-Абад ш.

3-орун – Элвира Султанова, А. Айталиев атындагы ОБМ, Ысык-Ата району

3-орун – Амантур Арстанбеков, М. Бабкин атындагы №1 орто мектеп, Жалал-Абад ш.

11-класс

1-орун – Рустам Саралинов, №4 орто мектеп, Бишкек ш.

2-орун – Бектур Джеентаев, Якир атындагы №61 АФММЛ ОК, Бишкек ш.

2-орун – Кайыркүл Канатбекова, Н. Жүндүбаева атындагы орто мектеп, Кочкор району

3-орун – Марат Мадиев, М. Ломоносов атындагы орто мектеп, Бишкек ш.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер