МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН БИРИНЧИ ЭТАБЫ ӨТӨТ

  • 07.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед математикалык мектеби (KSMS) менен биргеликте менчик түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына Республикалык математика боюнча олимпиада өткөрөт. Олимпиаданын максаты – таланттуу жана математикалык билимге кызыккан балдарды табуу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө өтөт.

Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:

  • 1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта;
  • 2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.

6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга чакырылышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар KSMS математикалык клубунда окуу үчүн грнатка ээ болушат.

Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат.

Олимпиада тууралуу кененирээк маалыматты Кыргыз-Швед математика мектебинин www.ksms.kg сайтынан ала аласыздар.

Суроолоруңуздар болсо, [email protected] электрондук почтасына жазыңыздар.

Олимпиада акысыз өткөрүлөт.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер