МАРКУМДАР АКТАЛБАСА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ

  • 19.04.2023
  • 0

ОшТУнун коомдук илимдер кафедрасынын жамааты массалык репрессияда курман болгондордун элесине арналган эл аралык семинар өткөрдү.

МАРКУМДАР АКТАЛБАСА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ

Кыргыз тарыхындагы катаал күндөрдүн катарын 1930-1940-жылдардагы массалык репрессия толуктайт. Тарыхтын ошол күндөрдөгү курмандыктарын эскерүү максатында ОшТУнун коомдук илимдер кафедрасынын жамааты тарабынан эл аралык илимий семинар өткөрүлдү.

Семинарга Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан тарыхчы-илимпоздор өздөрүнүн илимий баяндамалары менен катышты.

Илимий жыйынды ачкан ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Н.Танаков биздин аталар, чоң аталар жашап өткөн сталиндик доордун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Окулган илимий баяндамалардын өзөгүн кыргыз элинин башынан өткөн оор күндөрдө урпактарга жаркын келечек тартуулоодо жана көз карандысыз мамлекетти мурас калтырууда ошол доордогу муундун аткарып кеткен улуу иштери түздү. Аталардан калган улуу мурасты, карт тарыхты сактоодо учурдагы жана келечек муун сталиндик доордогу аталардын жасаган эмгектерине керт башыбыз менен карыз экендигибизди ар бирибиз билүүбүз шарт.

Репрессия – сталиндик мезгилдеги мамлекет тарабынан колдонулуучу жазалоо чарасы, көп учурда атуу аркылуу өлүмгө тартуу. Айрым тарыхчылардын маалыматы боюнча Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер