МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ — АРДАКТУУ ПРОФЕССОР
- 09.02.2023
- 0
Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин профессору, мекендешибиз Марклен Коңурбаевге «Кыргызстан Эл аралык университетинин Ардактуу профессору» мантиясы жана диплому тапшырылды.
Жакында эле биздин сыймыктуу журтташыбыз Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусунда болуп, окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамаатына, магистрлерге, докторанттарга адабий тексттерге анализ жүргүзүү жолдору тууралуу кызыктуу лекциялар түрмөгүн өтүп берди.
— Марклен Коңурбаев биздин окуу жайга биринчи жолу келип жаткан жок. Ал 2019-жылы «Санарип доордогу оозеки котормонун алгылыктуу ыкмалары» аттуу кызыктуу семинар уюштуруп, жергиликтүү филологдорго чоң жардам берди. Азыр да кеп -кеңешин айтып турат, — дейт филология кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер