МАНТЫШ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 03.09.2019
  • 0

3-сентябрда Кочкор районунун Мантыш айылына караштуу Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылыш салтанаты болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышты.

МАНТЫШ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жиберген маалыматка караганда,  мектептин курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен жүргүзүлгөн. 280 орундуу мектеп бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Ачылышында сөз сүйлөгөн төрага Дастанбек Жумабеков билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенин баса белгиледи.

МАНТЫШ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

“Мектепке белгилүү ишмер Таалайбек Курткаевдин атынын берилиши кубанычтуу саамалык. Анткени, жакындан тааныган адам катары анын өз өлкөсүн сүйгөн, эмгекчил инсан экенине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден-бир көздөгөн максаты өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү деп билем. Андыктан, ушул курулган заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

МАНТЫШ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Мектепке алты компьютер белек кылган Дастанбек Жумабеков ал жерде иштеп жаткан агартуучуларга да ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мугалимдердин айлыгы 30%га көбөйтүлөрүн белгилеп, Кыргызстанда 126 миңдей агартуучу бар экенин жана алардын маянасын көтөрүүгө 6,5 млрд сомдой акча каражаты каралганын кошумчалады.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер