“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 13.06.2018
  • 0

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бала бакчалар арасында өткөргөн “Манастын урпактары” фестивалын  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда жыйынтыктады. Шаардык сынакка  райондук турдан алдыга суурулуп чыккан №113, №92, №66, №184, №4, №91, №111, №148, №82, №112, №165, №141, №28  мектепке чейинки мекемелердин  үч жаштан жети жашка чейинки 300 тарбиялануучулары катышты. Шаардык турда гран-прини  № 82 бала бакча утуп алып, “Манастын урпактары” жазуусу менен статуэтка жана синтезатор менен сыйланды. 1-орунду №111 жана №165 бала бакчалар багындырып, синтезаторго ээ болушса, 2-орунга №112 жана №113 бала бакчалар чыгып, планшетке татыктуу болушту. Ал эми 3-орунду №141 жана №91 бала бакчалар камсыздап, сыйлыкка үчтөн комуз тапшырылды. Мындан сырткары  №66, №4, №148, №28, №92, №184 мектепке чейинки мекемелер фестивалга активдүү катышкандыгы үчүн баалуу белектер, балдар китептери жана оюнчуктары менен сыйланышса, фестивалга катышкан 300 балага таттуу шоколаддар таратылды.

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, фестиваль, сынактар аркылуу кыргыз элинин мурастарын, баалуулуктарын, дөөлөттөрүн үгүттөө болуп саналат.

—          “КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу; кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын жана салттуу билимдерин жайылтуу, МЧББУнун тарбиялануучуларынын эркин иш-аракетинде жана күн тартибинде “Манас” эпосун өнүктүрүү жана жайылтуу, аны балдардын деңгээлинде оңойлотуп түшүндүрүү; “Манас” эпосу аркылуу элдин үрп-адаты, каада-салты менен тааныштыруу. Ал аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка, улуттардын биримдүүлүгүнө чакыруу; балдарды кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына тартуу, руханий жана  адеп-ахлактык баалуулуктарга үйрөтүү, педагогдордун чыгармачылык жигердүүлүгүн колдоо, балдар фестивалынын катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү, өзүнүн мекенин, салттарын, тилин, маданиятын билген, түшүнгөн, таланттуу балдарды табуу жана аларга колдоо көрсөтүү максаттарын алдыбызга койгонбуз. Менимче, төрт жылдын аралыгында көп жакшы ийгиликтерге жетиштик, — дейт башкармалыктын башчысы.

Чынында эле төрт жылдан бери шаардык деңгээлде ар кайсы темага байланыштуу фестивалдар өтүп келатат. Башкармалыктын башкы адистери Галина Безродняя, Чынара Майтиковалар жан үрөп иштеп, бала бакчаларда эки жаштан баштап жогорку тайпалардын тарбиялануучуларына чейин улуттук бийге, ырга, оюндарга чоң маани буруш керек экендигин айтып келишет.

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

—          Мындай иш-чаралар төрт жылдан бери өтүп жатат. Биринчи фестивалыбыз улуттук бийге, кара жоргого карата уюштурганбыз. Ага 2 жаштан 18 жашка чейинкилер катышкан. Кийинки жылы көчмөн оюнуна карата улуттук оюндарга арналды. Былтыркы фестиваль  “Мурас” деп аталып, анда жалаң кыргыз элинин ыр-бийлери, оюндары коюлган. Быйыл “Манас” эпосуна арнадык. Балдарга Манас атабыз ким болгонун айтып, окутуп, ошондой эле таланттуу балдарды алып чыгууну көздөдүк. Дегеле бала бакчаларда бардык нерселерди оюн аркылуу балдарга жеткиребиз.  Бул фестивалды жаңыдан баштаганда биринчисинде мен долбоорду жазып, өткөргөнбүз. Кийинкилерине белгилүү этнопедагог , п.и.д., профессор Т.Уметов агай долбоорду жазып, тыгыз байланышта иштеп жатабыз, — дейт Чынара Майтикова.

Фестивалда көркөм окуу, “Манас” эпосунан театрлаштырылган оюн, элдик бийлер, кыргыз элинин музыкалык аспаптарында ойноо, элдик оюндар номинациялары боюнча катышуучулар күч сынашты.

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Фестивалдын катышуучулары кыргыз элине таандык үрп-адаттарды, каада-салттарды, улуттук оюндарды: ордо, тогуз коргоол, оромпай, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, селкинчек, кызыл короз, ак короз, упай, жоолук таштамай  жана башка ат оюндарынын түрлөрүн чоң дасыккан актерлордой көрсөтүштү. Башка улуттун балдары дагы активдүү катышып, кыргыз тилинде таптак сүйлөп, “Манас” эпосунан үзүндү айткандары кимди болбосун кайдигер калтырган жок. Сахнага чыгышкан мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары биринен бири өтүп, Манастын төрөлүшүнөн баштап сценкаларды коюп гана койбостон, ырын ырдай, бийин бийдей бийлеп, батаны чоң аксакалдардай берип, дегеле койчу ал күнү “Сейтек” борбору шаңга бөлөнүп, келечек муун тарыхты унутпай кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп бергенге даяр экенин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Өзгөчө №82, №111, №165, №112,  №113, №141 жана №91 бала бакчалардын мотурайган тарбиялануучулары өздөрүнө жарашыктуу улуттук кийимдерди кийип, өз мекемесинин намысын чоң кишилердей коргой алышты.

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

—          Калыстар тобу ар бир номинация боюнча Жободо белгиленгендей, аткаруучунун аткаруу чеберчилигинин, эмоционалдуулугунун, таасирдүүлүгүнүн деңгээлин; көркөмдүк маанилүүлүгүн, эстетикалык жактан баалуулугун; тандалган репертуардын балдардын жаш курагына дал келүүсүн, режиссурасын; репертуардагы жеткиликтүү салттуу материалды чагылдыруусун жана катышуучулардын массалуулугун карадык. Сынактык программаларды баалоодо катышуучулардын кыргыз элинин маданиятынын булактарына кайрылуусу эске алынды. Бир сөз менен айтканда быйылкы фестиваль дагы жогорку деңгээлде өттү. Быйыл ар бир катышып жаткан мекемеге берилген убактысын аябай карадык, ашыкча убакыт берилген жок, — дейт башкармалыктын башкы адиси Галина Безродняя.

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ” ФЕСТИВАЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Быйылкы фестивалда балдарды айкөлдүккө,  ынтымактуулукка,  Ата Мекенди сүйүүгө, тарбиялоого, “Манас” эпосуна балдардын кызыгуусун ойготууга,  сөз байлыктарын байытууга,  байланыштуу сүйлөөгө үйрөтүүгө, элдик ырларды айтууда так жана түшүнүктүү айтууга (дикцияны өнүктүрүү),  интоннация каражаттарын туура колдонууга үйрөтүүнү педагогдор тынбай иш жүргүзүп жаткандарына күбө болдук. Келгендер ыраазычылыктарын билдиришти, айрым энелер демөөрчүлүк кылып, өздөрүнүн белектерин дагы тартуулаганга жетишти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер