“МАНАСТЫН” “ТЕМА” ПРОГРАММАСЫ ЭФИРГЕ ЧЫКТЫ

  • 24.02.2022
  • 0

21-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Медиа Манас” борборунда теле программаларды даярдоо үчүн атайын  студия ачылып, “Тема” берүүсү старт алды.

Студиянын расмий ачылышына университеттин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев, “Медиа Манастын” директору Бүлент Намал жана жалпы жамаат катышты. Студиянын кызыл лентасы кесилгенден кийин ректор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев берүүнүн алгачкы коногу болушту.

Студиянын салтанаттуу ачылышында университеттин жетекчилери “Манас” университети билим берүү менен гана чектелбестен, ар тараптуу ѳнүгүүгѳ багыт алуу керектигин баса белгилеп, коомго пайдалуу болгон маалымат берүү милдетин да аткараарын билдирди.

«Ар бир тема ѳзгѳчѳ» деген ураан менен эфирге чыга баштаган жаңы теле-берүүдѳ КТМУнун окутуучулары менен түрдүү темаларда кызыктуу маектер курулат. Программалар иш күндѳрү 11:00, 14:00 жана 16:00дө көрсөтүлөт.

КТМУнун жетекчилигинин колдоосу менен “Медиа Манас” борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан бул жаңы долбоор университеттин кадыр-баркын жогорулатуу, “Манас” телеканалынын жана “Манас ФМ” радиосунун уктуруу агымын сапаттуу материалдар менен байытууну кѳздѳйт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрель айынан тарта өлкөнүн бардык аймактарына обого чыга баштаган “Манас” каналынын берүүлөрү күндөн-күнгө кеңейүүдѳ. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматынан Айзат Таласбаева маалымдады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер