“МАНАСТА” ДЕН СООЛУК БОРБОРУ ЖАНА СOVID-19 ВИРУСУН АНЫКТООЧУ ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛДЫ

  • 13.03.2021
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ден-соолук борбору жана COVID-19 вирусун аныктоочу (ПЦР) лабораториясынын ачылыш аземи болуп ѳттү.

Иш-чарага Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Салттуу түрдѳ лента кесилип, делегация мүчѳлѳрү борбор жана лаборатория менен толук таанышып чыгышты. Учурдун талабына жооп берген конкреттүү жасалган эмгек үчүн жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Ректор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө министрлердин окуу жайдын аракеттерине күбө болгондугуна университеттин атынан ыраазычылык билдирди. Ага улай, “Ден соолук борбору менен COVID-19(ПЦР) лабораториясын ишке киргизүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн Түркиянын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы жана КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Фахреттин Алтунга чын ыкласынан ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер