«МАНАСТА» АЧЫК АСМАН АЛДЫНДА ООЗ АЧЫШТЫ

  • 19.04.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Ч.Айтматов атындагы кампуста Ыйык Орозо айына карата “Ачык асман алдында бирге ооз ачуу” кечесин уюштурду.

Бул саамалык Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде алгачкы ирет ѳткѳрүлдү. Кечеге Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен ѳкүлдѳр, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлдѳрү, КР ЖК депуттары, министрликтердин өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданий жана коомдук ишмерлер, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылып, жалпы 1500 кишиге ооз ачуу тамагы даярдалып, маданий программа тартууланды.

“Ыйык орозо айы биримдиктин жана ынтымактын символу. Ачык асман алдында бирге ооз ачуу саамалыгы — өз ара диалог куруу, бири-бирин таануу, достук жана бир туугандык атмосферасында өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. Дагы бир жагынан жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөп, алардын өз ара бири-бири менен таанышып, достошуусуна мыкты шарт болду. Мындай иш-чараны кийинки жылы да ѳткѳрүүнү улантабыз. Орозо айы баарыбызга бакыт-таалай, элибизге ынтымак жана тынчтык алып келсин”, — деди университеттин жетекчилери.

Ооз ачарга келген студенттер жана коноктор жакшы маанай, жылуу мамиле үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чара “Медиа Манас” борборунун түз эфиринде кѳрсѳтүлдү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4244-krgzistann-lk-niversite-sokak-ftar-manasta-dzenlendi.html

 

Бөлүшүү

Комментарийлер