«МАНАС» ЖАНА АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 06.04.2022
  • 0

«Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары – улуттук дөөлөттөрдүн негизи» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өттү.

«МАНАС» ЖАНА АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

Иш-чара Кыргыз Республиксынын Президенттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.  Конференцияны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов ачып, «Манас» менен Ч.Айтматов кыргыздар эле эмес жалпы түрк элдеринин сыймыгы, мактанычы экени, анда элибиздин экологиялык, социалдык маселелеринен тарта мамлекеттик түзүлүш, идеологиялык улуу нарк жаткандыгын белгиледи. Мындан улам «Манас» менен Айтматов темасындагы талкуулар, изилдөөлөр байма-бай уюштурулуп, жаштардын туура багытта тарбия алышына, идеологиябыздын бекемделишине, улуттук нарк-салттын, ынтымактын сакталышына түз багыт алуу зарыл экенин баса белгиледи. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоо сөзүн Президенттин кеңешчиси Ч.Абыкеев окуп берип, «Манас» жана Ч. Айтматов  боюнча видеофильм көрсөтүлдү.

Иш-чарада «Манас» жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстандын Улуттук академиясынын академиги Омаров Бауржан Жумаханулы,  Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, Низами атындагы адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору Габиббейли Иса Акбар улы, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Алишер Навои атындагы мамлекеттик адабият музейинин директору, филология илимдеринин доктору, профессор Эшонкул Жаббор, Татарстандын Илимдер академиясынын  корреспондент-мүчөсү, Г.Ибрагимов атындагы Тил, адабият жана маданият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Миннулин Ким Муалимович, Кастамону университетинин профессору, доктор Орхан Сөйлемез сындуу окумуштуулар өз пикирлерин онлайн билдиришип,  конференциянын ишине ийгиликтерди каалашты.

Андан ары илимий баяндамаларга орун берилип, с.и.д., профессор Ж.Сааданбеков “Манас” эпосу – улуттук философиянын башаты”, КР УИАнын академиги А.Акматалиев “Манас”, Айтматов жана эмбрион”, КР УИАнын академиги О.Ибраимов “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы кыргыз элинин психологиясы жана мүнөзү”, КР УИАнын академиги А.Асанканов “Ч.Айтматов этностук иденттүүлүктүн сакталышы тууралуу”, Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакшылыков “Манас” жана Ч.Айтматовдун руханий байланышы”, Кыргыз Эл жазуучусу, ф.и.д., профессор С.Байгазиев “Манас” эпосу кыргыз элинин фундаменталдуу баалуулуктарынын казынасы”, т.и.д., профессор З.Курманов “Манас” эпосу – феномен”, ф.и.д. Т.Бакчиев “Манас таануудагы жаңы илимий көз караштар жана алардын маанилүүлүгү”, ф.и.д., проф. Н.Саралаев “Улуттук иденттүүлүк проблемалары: “Манас” эпосунда жана Ч.Айтматовдун чыгармаларында”, ф.и.д, профессор Ж.Бөкөшов “Сагымбай манасчы тилмеч компьютерди билгенби?! (эпикалык акыл эс жана чындык) деген аталышта илимий баяндама жасап, Р.Айтматова, Кыргызстан театр ишмерлеринин, сүрөтчүлөр союзунун, композиторлор союзунун төрагалары жарыш сөзгө чыгып, өз пикирлерин билдиришти.

Акырында “Манас” эпосунун варианттарын, Ч.Айтматовдун  чыгармаларын комплекстүү изилдөө иштерин улантуу, Тышкы иштер министрлиги, чет өлкөдөгү элчиликтердин катышуусу менен жер-жерлердеги билим берүү, илимий мекемелерде “Манас” эпосу,  Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эл аралык илимий-практикалык конференцияларды, маданий иш-чараларды өткөрүү, “Манас” жана “Айтматов окууларын” жыл сайын республикалык деңгээлде жана үч жылда бир эл аралык форматта өткөрүп, материалдарын жарыялап туруу,  “Манас” эпосунун С.Орозбаковдун С.Каралаевдин вариантындагы академиялык басылыштарын кайра басып чыгаруу, “Манас” эпосунун бириктирилген вариантын (4 томдук) жалпы коомчулук үчүн кайрадан басып чыгаруу; улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата “Айтматов энциклопедиясынын 10 томдугун” кайрадан даярдап, толуктап басып чыгаруу; Айтматов таануу багытында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан сайт түзүү тууралуу маселелерди камтыган резолюция кабыл алынды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер