“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ БАР

  • 03.07.2025
  • 0

 

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ БАР Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) жана Медицина илимдери университети (МИУ) тарабынан биргелешип жүзөгө ашырыла турган эл аралык орток жогорку кесиптик билим берүү программасы (ОЖКБП) окуу мөөнөтү – 6 жыл (бир жылдык түрк тилин үйрөтүү боюнча милдеттүү даярдоо курсун кошпогондо), медицина факультетинин (түркчө-кыргызча) эл аралык орток жогорку кесиптик билим берүү программасы (ОЖКБП) боюнча окууга тапшырган студенттер биринчи, экинчи, үчүнчү курсту, анын ичинде даярдоо курсун Кыргызстандын борбор шаары – Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде; ал эми төртүнчү, бешинчи жана алтынчы курсту Түркиянын Стамбул шаарындагы Медицина илимдери университетинин тиешелүү түзүмдөрүндө окушат.

Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттер орток программаны аяктагандыгын тастыктаган эки университеттин дипломуна ээ болушат. ОЖКБП алкагында  түрк тилин үйрөтүү боюнча милдеттүү даярдоо курсунда окуу мөөнөтү – бир жыл. Даярдоо курсу аталган программанын 6 жылдык окуу мөөнөтүнө кирбейт. 2025-2026-окуу жылы үчүн программага катталган бардык студенттер даярдоо курсунда окушат.

Программага катталган студенттерден окуу акысы алынат. 2025-2026-окуу жылында программа боюнча окуй баштаган студенттер ар бир окуу жылы үчүн 4000 (төрт миң) АКШ долларын төлөшөт. Даярдоо курсу үчүн эч кандай акы алынбайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер