«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ СТУДЕНТТЕРИН АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДООДО

  • 21.09.2020
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети студенттерин айына «60 GB» акысыз интернетке туташтырылган симкарталар менен камсыздайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ СТУДЕНТТЕРИН АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДООДО

Жогорку окуу жайларында билим алуу онлайн түрүндө жүрүп жаткандыктан, студенттерди колдоо максатында «Манас» университетинин ректораты тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.

Бул чечим студенттерге ай сайын «60 GB» акысыз интернет колдонуп, квота маселеси жаралбастан аралыктан билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Аталган окуу жайдын студенттери Sim-карталарды 17-23-сентябрь күндөр аралыгында, “Megacom” компаниясынын каалаган филиалынан саат 9:00дон 18:00го чейин алып кетишсе болот.

Учурда бардык студенттердин тизмеси аталган компаниянын филиалдарына жиберилген. Sim-карта алуу укугу Кыргызстандын аймактарында болгон бардык студенттерге берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер