“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ QS РЕЙТИНГИНДЕ АЛДЫҢКЫ ТӨРТ ЖҮЗДҮККӨ КИРДИ

  • 29.12.2020
  • 0

КТМУ Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң мыкты 400 университеттин катарына кирди.

Кадыр-барктуу эл аралык QS (Quacquarelli Symonds) агенттиги жогорку окуу жайлардын “Өнүгүп жаткан Европа жана Борбор Азия” рейтингин жарыялады. 400 ЖОЖ киргизилген тизмеде Кыргыз-Түрк “Манас” университети 183-орунга илинди. Былтыр 350 университеттин арасынан 190-орунда болчу.

Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт.

Бул тизмеге Россиядан 121, Түркиядан 55 жогорку окуу жайлары, ал эми Борбордук Азиядан Казакстандан 27 жогорку окуу жай, Кыргызстандан 2, Өзбекстандан 4, Тажикстандан 1 ЖОЖ кирген.  Ал эми Борбор Азия ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университети 15-орунду ээледи.

Окуу жайларын баалоодо төмөнкү көрсөткүчтөр колдонулду: академиялык кадыр-баркы, иш-берүүчүлөрдүн арасында кадыр-баркы, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын сандык айкалышы, чет элдик окутуучулар менен студенттердин саны, илимий даражалуу кызматкерлердин саны, интернет-ресурстарынын натыйжалуулугу, жарыкка чыккан макалалардын профессордук-окутуучулар курамынын ар бир кызматкерине туура келчү саны.

Эң алдыңкы 10 орунду Россия, Эстония, Чеш Республикасы жана Польшанын жогорку окуу жайлары алган:

  1. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – Россия
  2. Тарту университети – Эстония
  3. Санкт-Петербург мамлекеттик университети — Россия
  4. Карлов университети – Чеш Республикасы
  5. Новосибирск мамлекеттик университети – Россия
  6. Ягеллон университети – Польша
  7. Варшава университети – Польша
  8. Масарик университети — Чеш Республикасы
  9. Москова физико-техникалык институту — Россия
  10. Томск мамлекеттик университети – Россия

 

Бөлүшүү

Комментарийлер