“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ QS РЕЙТИНГИНДЕ 281-ОРУНДА

  • 01.12.2022
  • 0

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ QS РЕЙТИНГИНДЕ 281-ОРУНДА

Эл аралык QS (Quacquarelli Symonds) агенттиги Азия ѳлкѳлѳрүндѳгү  жогорку окуу жайлардын рейтингин жарыялады. Эң мыкты 760 университеттин арасынан  Кыргыз-Түрк “Манас” университети 281-орунга илинди. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ QS РЕЙТИНГИНДЕ 281-ОРУНДА

 

Эскерте кетсек, ушул эле жылы окуу жай QSтин дүйнөлүк рейтингинде 801-орунга ээ болгон.

Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт. Бул тизмеге Борбордук Азиядан Казакстандан 32 жогорку окуу жай, Кыргызстандан эки, Өзбекстандан сегиз, Тажикстандан бир ЖОЖ кирген.  Ал эми Борбор Азия ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университети 13-орунду ээледи.

Окуу жайларын баалоодо төмөнкү көрсөткүчтөр колдонулду: жогорку окуу жайлардын академиялык кадыр-баркы, иш-берүүчүлөрдүн арасында кадыр-баркы, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын сандык айкалышы, чет элдик окутуучулар менен студенттердин саны, илимий даражалуу кызматкерлердин саны, интернет-ресурстарынын натыйжалуулугу, жарыкка чыккан макалалардын профессордук-окутуучулар курамынын ар бир кызматкерине туура келчү саны.

Эң алдыңкы 10 орунду Кытай, Сингапур, Түштүк Корея жана Малайзиянын жогорку окуу жайлары алды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер