“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 17.02.2022
  • 0

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.  

Келишимге ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү, жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаеванын жана КТМУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Бул Меморандум интеллектуалдык менчик жаатындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу, бул чөйрөдөгү маалыматтык-билим берүү иш-чараларынын маселелери, адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана студенттердин практикасын өркүндөтүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү кызыкчылыгын бириктирет.

Кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу максатында тараптар интеллектуалдык менчик, анын ичинде автордук укук маселелери боюнча биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, чыгармачылык кечелерди, факультативдерди жана кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууга багытталган тыгыз кызматташууну улантат. Бул тууралуу университеттин ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү маалымдады.

Бөлүшүү

Комментарийлер