“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТУУДА ЧОҢ САЛЫМ КОШТУ

  • 18.10.2022
  • 0

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТУУДА ЧОҢ САЛЫМ КОШТУ

Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында   Кыргыз-Түрк “Манас” университети дагы өз салымын кошту.

Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз-Түрк “Манас” университети активдүү катышып, атайын боз үй тигип, кыргыз элинин салттуу маданиятын эл аралык коомчулукка даңазалап, таанытты.

  • Боз үйгө кирген меймандарды окуу жайдын ректору менен бирге университеттин өкүлдөрү кубануу менен тосуп алып жатышты. Оюндар университеттин “Манас ТВ”, ТРТ Аваз спорт каналдары аркылуу түз алып көрсөтүлүп турду, — дешет окуу жайдан барган өкүлдөр.

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТУУДА ЧОҢ САЛЫМ КОШТУТөртүнчү көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында өтүшүнүн тарыхый мааниси чоң. Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган Кыргызстанга келгенде Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ажайып кооз аймагы болгон Ысык-Көлдө өткөнүн баса белгилеп, быйыл байыркы бабалардан калган оюндары Изник көлүнүн жээгинде өтөрүн айткан. Анткени Изник шаарында 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баштаган университеттин делегациясы бул тарыхый жайга барып, зыярат кылып, кыргыз жоокерлерине багыштап куран окуп эскеришти.

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТУУДА ЧОҢ САЛЫМ КОШТУРектор Алпаслан Жейлан оюндар өтүп жаткан аянттан “Манас ФМ” радиосунан эфирге чыгып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушуна Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдогандын, Түркиянын салттуу спорт федерациясынын жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын вице-президенти Хакан Казанжынын салымы чоң экенин баса белгиледи.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрда жыйынтыкталып, ага 102 мамлекеттен 3000дей спортчу катышты. Оюндун эстафетасы Казакстанга өткөрүлүп берилди.

Айзат Таласбаева, ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер