«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТАТ

  • 11.06.2018
  • 0

13-июнда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» аземи өтөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети учурда 17-бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруп жатат. Университет экономика, тарых, түркология, инженерия, журналистика туризм тармагындагы 2000ден ашуун адистерди даярдап келет.

2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу кечеге университеттин Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, министрлер, бир топ жогорку окуу жайларынын ректорлору чакырылган.

Иш-чара өзгөчө шаң менен башталмакчы жана университеттин алдыңкы студенттерине сыйлык берүү жана бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн тапшырылышы күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер