«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ АЛДЫДА

  • 22.12.2021
  • 0

Кыргыз-Түрк Манас университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң мыкты 451 университеттин катарына кирди. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ АЛДЫДАQS (Quacquarelli Symonds) эл аралык агентствосу тарабынан өткөрүлгөн Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 451 университеттин арасында Кыргыз-Түрк «Манас» университети 156-орунга ээ болду. Былтыр 400 университеттин арасынан 183-орунда, 2019-жылы 354  университеттин арасынан 190-орунда болчу. Башкача айтканда, акыркы эки жылда бул рейтингге катышкан университеттердин саны көбөйгөнүнө карабастан 34 орунга көтөрүлдү.

Бул тизмеге 30 өлкөнүн жогорку окуу жайлары кирген. Борбордук Азиядан болсо Казакстандан 34 жогорку окуу жай, Кыргызстандан эки жогорку окуу жай, Өзбекстандан төрт, Тажикстандан бир жогорку окуу жай  кирген.  Кыргыз-Түрк “Манас” университети Борбордук Азиядан 13-орунду ээлеген. Ушул 451 жогорку окуу жайдын 129 Россиядан болсо, Түркиядан 66 кирген. Ал эми Түркиядагы университеттердин арасынан Кыргыз-Түрк “Манас” университети 16-орунду ээлеген.

QS университеттерди он көрсөткүч менен баалайт: жогорку окуу жайдын академиялык аброю индекси (Academic Reputation), жумуш берүүчүлөр арасында окуу жайдын аброю индекси (Employer Reputation), профессордук-окутуучулук штаттын саны окуу жайдын студенттерге болгон катнашы (Staff with PhD), окутуучулардын илимий иштеринин шилтеме индексинин окутуучулардын санына болгон катнашы (Citations per Paper), жогорку окуу жайдын веб баракчасынын колдонушу индекси (Web Impact) ж.б.

Эң алдыңкы 10 орунду Россия, Эстония, Чеш Республикасы жана Польшанын  жогорку окуу жайлары алган:

  1. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – Россия
  2. Карлов университети – Чеш Республикасы
  3. Санкт-Петербург мамлекеттик университети – Россия
  4. Тарту университети – Эстония
  5. Ягеллон университети – Польша
  6. Варшава университети – Польша
  7. Масарик университети — Чеш Республикасы
  8. Новосибирск мамлекеттик университети – Россия
  9. Томск мамлекеттик университети – Россия
  10. Москова физико-техникалык институту — Россия

 

Бөлүшүү

Комментарийлер