«Манас» театрынын жаңы имараты ачылды

  • 18.04.2024
  • 0

Дүйнөдө биринчи жолу «Манас» театры ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачылыш аземинде билдирди. 

Министрдин айтымында, бул саамалык искусство дүйнөсү, манасчы, акын жана дастанчылар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүнөн кабар берет.

«Театрдын ачылышы — бул башталышы гана. Мындан ары дагы чоң иштер жасалат. Биз бүгүн ачып жаткан имарат — бул административдик корпус. Мындан кийин 3 миң адамга ылайыкташкан көрүүчүлөр залы курулат», — деди министр.

Максүтов азыркы учурда театрда 120 манасчы, акын жана дастанчылар иштеп жатканын, дагы кызматкерлер ишке алынарын белгиледи. Имарат 305 орундуу, ичинде 16 бөлмө бар. Курулуш иштери 2022-жылы башталган.

Ал эми президент Садыр Жапаров «Манас» эпосун, дастанчылык, төкмөлүк өнөрдү жайылтууга салым кошуп жаткан театрды имараттуу болушу менен куттуктап, республиканын жети дубанындагы манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар мамлекеттин камкордугунда деп билдирди.

Мамлекет башчы ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу, Кыргызстан элдеринин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

«Мамлекет кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык жол көрсөткүчү болгон улуу «Манас» дастаныбыз баш болгон рухий мурастарыбызды жайылтууга бар күч-аракетин жумшайт. «Манас» улуттук театрынын коомдогу орду чоң”, — деди Президент.

Иш-чарада Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу Даңк медалы менен сыйланды. Ал эми белгилүү манасчы Рысбай Исаков Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Баян Акматов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамдарын алышты. Төкмө акын Изат Айдаркуловага жана дастанчы Улукбек Токтоболот уулуна Президенттин ардак грамотасы тапшырылды.

«Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы төкмө акын Элмирбек Иманалиевге (каза болгондон кийин) ыйгарылды.

«Манас» театрынын жаңы корпусунун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, баш прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, искусство ишмерлери, манасчы, акын жана дастанчылар катышты.

Эльвира КАКИЕВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер