“МАНАС ТААНУУ” ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН ЭКСПЕРТТЕРИН ТАНДОО СЫНАГЫ

  • 05.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандап алуу сынагын жарыялайт. “Манас таануу” таймашы Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын негизинде эпосту жайылтуу, өркүндөтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында өткөрүлүп келет.

Сынак 2021-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин  жүргүзүлөт.

Бардык суроолор боюнча КР ББИМдин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна кайрылсаңыз болот.

Байланыш номурлары: 0312 66 38 98, 0705 28 01 73; электрондук дарек: [email protected]

Республикалык “Манас таануу” интелектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандап алуу сынагынын ЖОБОСУ төмөндө берилет:
Манас таануу телетаймашынын ЖОБОСУ.PDF

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер