«МАНАС ТААНУУ» ТЕЛЕТАЙМАШЫ: УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ДАҢАЗАЛАЙТ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖӨНДӨМДҮ ӨНҮКТҮРӨТ
- 16.04.2026
- 0
Түп районунун Талды-Суу айылында «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын облустук туру жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Маалыматка таянсак, бул таймаш жыл сайын Ысык-Көл облусунун аймагында эстафета иретинде ар бир райондо кезеги менен өткөрүлүп келет. Ушул жакшы саамалыкка ылайык, быйылкы иш-чара Түп районунда уюштурулуп, даярдык иштери талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлдү.
Кароо-сынакка Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков, белгилүү манасчы Рысбай Исаков жана башка өкүлдөр катышып, окуучулардын билим деңгээлин калыс баалашты. Таймаштын бардык этаптары ачык-айкын, эл алдында өтүп, мыктылардын мыктылары адилет тандалып келет.
Белгилей кетсек, суроолорду даярдоо, жоопторго баа берүү, мыктылардын мыктысын аныктап Республикалык баскычка жолдомо берүү маселелерин толугу менен Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өкүлдөрү чечишет. Ал эми облустук билим берүү институтунун өкүлдөрү жана уюштуруучулар иш-чаранын уюштуруу жагын гана камсыздап, катышуучулар үчүн шарт түзүп беришет.
Облустук билим берүү институту тарабынан жеңүүчүлөрдүн эмгегин баалоо жана шыктандыруу максатында белектер ыйгарылып келет. Бул иш-чара окуучулардын Манас таануу багытындагы билимин тереңдетүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Ошондой эле кароо-сынак кайсы райондо өткөрүлбөсүн, уюштуруучу тарап окуучуларды тамактандырууга милдеттендирилбейт. Райондордон келген окуучулардын тамактануусу жана коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ар бир районго тиешелүү болуп саналат.
Салтка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгында кийинки эстафета Каракол шаарына тапшырылды.
Мындай маанилүү иш-чаралар жаш муундун улуттук мураска болгон кызыгуусун арттырып, «Манас» эпосунун баалуулуктарын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер